Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

ЕврАзЭШтен Кыргызстанга эмне пайда?


ЕврАзЭштин саммити, Астана, 2010-жылдын 5-июлу.

ЕврАзЭштин саммити, Астана, 2010-жылдын 5-июлу.

Астанада өткөн ЕврАзЭШ саммитине барган Роза Отунбаеванын тышкы саясатта тажрыйбасы чоң. Бирок Кыргызстан аталган шериктештик ичиндеги жападан жалгыз парламенттик багыттагы мамлекет болуп калды. Жаңылануу багытындагы Кыргызстанга ошол эле шериктердин мамилеси кандай болмокчу?

Өлкөнү курчап турган авторитардык режимдер менен иштешүү, экономикалык интеграциялашуу маселелери кандай жүрөт?

Евразия Экономикалык Шериктештигинин башкы максаттарынын бири – аталган бирикмеге кирген мамлекеттер арасында экономикалык интеграция жүргүзүү, бирдиктүү экономикалык алкак түзүү болуп саналат. Ошентсе да СССР кулагандан кийин эле түптөлө баштаган бул бирикме натыйжалуу иштей албай атканы айтылып келет. Маселен, аталган бирикмеге башында 12 мамлекет кошулганы менен кийинчерээк улам бири чыгып отуруп, азыр бешөө гана калды. Акыркы болуп 2008-жылы коңшу Өзбекстан шериктештиктен чыгып кеткен. Учурда бул шериктештикке Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Беларус жана Орусия кирет.

“OIC” компаниясынын адиси Талант Кемеловдин пикиринде, ЕврАзЭШтин негизги максаттары Европа Биримдигиникине окшошуп кеткени менен ушуга чейин алгылыктуу натыйжа бербей келет. Жаңы эле президенттик кызматка киришкен Роза Отунбаеванын ЕврАзЭШ саммитине баруусу деле Кыргызстан үчүн көп пайда алып келбейт. Анткени бул уюмга мүчө өлкөлөр экономикалык кызыкчылыктарга эмес, көбүнчө саясий кызыкчылыктарга басым жасап келишкен:

- Менин оюмча, бул (ЕврАзЭШ) экономикалыкка караганда көбүнэсе саясий бирикме деп ойлойм. Анткени экономикалык жактан жылыштары деле жок. Алгылыктуу аткарган иштери деле жок. Бул жердеги проблемалардын бардыгы саясий себептерге байланыштуу. Биздин айланадагы мамлекеттердин президенттери көбүнчө өз кызыкчылыктарын ойлоп, өзүмчүл болуп атышпайбы. Кааласа бажы төлөмдөрүн көтөрүп салат, кааласа азайтып коёт. Башка бирөөнүн кызыкчылыгы менен эсептешпей келишет. Бири-бирине тымызын бут тосуп келишет.

ЕврАзЭШке кирген өлкөлөр экономикалык маселелер жаатында бир катар милдеттенмелерди алып, аларды туура аткарууга сөз беришсе да маал-маалы менен аны төгүнгө чыгарчудай аракеттер байкала калат.

Маселен, 7-апрелден кийин Казакстан чек арасын бир тараптуу жаап салып, Кыргызстандын экономикасы кыйла жабыр тартты. Стратегиялык мааниге ээ товарлардын көбү Казакстандын аймагы аркылуу келгендиктен, ал дароо эле сезилди. Бир катар товарлардын баасы дароо көтөрүлүп, тышкы соода менен алектенген ишкерлер да кыйын абалда калышты. Ырасмий Астананын мындай аракетинен Казакстандын түштүгү да жабыркап, Алматы баш болгон ири калааларда азык-түлүк баасы асманга чыгып кетип, нааразычылыктарды жараткан. Казакстан чек арасын Киров суу сактагычынан суу келбей калган күндүн эртеси гана ачты.

“Борбор Азиядагы эркин рынок” институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиевдин ырасташынча, дал ушундай себептерден улам мурдагы СССР чөлкөмүндө жаралган бирикмелер менен гана чектелбей, башка да товар алмашуу жолдорун да издөө керек.

Маселен, Кытай менен соода байланышты дагы да тереңдетип, кийинчерээк алар аркылуу океанга чыкса болот. Анткени дүйнөлүк рынокко батыл аралашууга мүмкүнчүлүк берүүчү Кыргызстанга эң эле жакын порттор Кытайдын аймагында. Күйүүчү майларды бир гана Орусия, Казакстандан эмес, Иран тараптан ташыса, Өзбекстан, Тажикстан аркылуу транзиттик жолдорду бекемдесе болот. Андан тышкары Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө мамлекет катары өнүккөн мамлекеттер менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жолдорун караса болот.

Экономист Тынчтык Базарбаевдин айтымында, изденүү, олуттуу экономикалык реформалар, ийкемдүү экономикалык система түзүү аркылуу өлкөнү кыска аралыкта бутуна тургузуп алууга болот. Бирок парламенттик башкаруу орнотуп, жеке адамдын башкаруу мүмкүнчүлүгүн чектеген Кыргызстанды авторитардык башкаруудагы коңшулары жактырбай, тымызын бут тосуулары да мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG