Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Басма сөз: Радикал диний агымдар жана адам укуктары


Батыш басма сөз каражаттары Кыргызстандагы аялдар жана радикалдык дин, Казакстандагы адам укуктары жана Түркия менен Армениянын мамилелери тууралуу жаңы макалаларды жазышууда.

Эл аралык кризис тобунун интернет баракчасында жарыяланган, Кыргызстанга арналган баяндамада кыргыз бийлигинин радикал ислам топторуна каршы колдонулган катаал чаралары Борбор Азия өлкөлөрүндө, өзгөчө аялдардын арасында ушундай топторго кошулгандардын санынын арттыруусуна түрткү болуп жатканы айтылат.

“Бул экономикалык жактан жакыр мурдагы советтик өлкөдө туруксуздук ал жерде аскердик аба базасы жайгашкан АКШны тынчсыздандырат. Кыргыз исламчыл-радикализмге каршы тетири натыйжа берген чараларды колдонууда. Өкмөт “Хизбут-тахрир” өңдүү радикал топторго аялдарды да кошууда. Мунун чыныгы себептерин аныктоонун ордуна, бийлик көптөгөн кыргыздарды ушундай топторго мүчө болууга түрткөн темир-муштум чараларды колдонууда” деп айтылат макалада.

New York Times гезитинде чыккан макалада Казакстандагы укук коргоочу катары таанымал Евгений Жовтистин бир кишинин өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы менен байланыштуу камак жазасына кесилүүсү айтылат. Алматы соту 3-августта экинчи олтурумунда эле Жовтисти 20 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган.

Батыш өлкөлөрү жана укук коргоочулар соттун мындай чечими менен макул болбогону белгиленген макалада “казак бийлиги жол кырсыгынан, өлкө ЕККУнун төрагалык нооматын өткөрүп алардын алдында бийликтин саясаттарын сынга алган таанымал активисттерди тумчуктуруу максатында пайдаланып жатат” деген Казакстандын Эл аралык адам укуктарын коргоо жана мыйзамдын башкаруусу аттуу Жовтис жетектеген бейөкмөт уюм жарыялаган билдирүүдөн үзүндүлөр окурмандар менен тең бөлүшүлгөн.

Швецарияда чыгуучу Neue Zurcher Zeitung гезити “Дипломатиялык алакаларды түзүү жана 1993-жылдан бери жабык болгон чек араларды кайра ачуу тууралуу Түркия менен Армениянын ортосундагы макулдашууга карата армяндардын мамилеси Түркияга салыштырганда алда канча салкын деп жазат.

Анда бул макулдашуу туура алты аптанын ичинде эки өклө парламентинин кароосуна жиберилери белгиленет.
XS
SM
MD
LG