Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:33

Батыштын айрым басма сөз каражаттарында Кыргызстандагы реформа аракети жана Түркиянын тышкы саясатындагы өзгөрүштөргө орун берилди.

“Түндүктөгү айрым күчтүү элитанын президенттик реформанын алкагында ишке ашырылган өзгөрүүлөргө нааразычылыгы күчөп, Кыргызстанда регионалдык так талашуулар тереңдеп баратат” деп жазылат Eurasia View аттуу интернет баракчада.

“20-октябрда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жарыялаган реформалардын алкагынан алып караганда, бийликтин салмагы түштүккө карай ооп баратканы байкалат” деп жазылат макалада.

Мындан сырткары жердешчилик жана тууганчылыктын негизинде пайда болгон күч базалары Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен 1991-жылдан бери саясатта күчтүү рол ойноп келгени, Аскар Акаев доорунда түндүк региондун элитасы бийликке келгени, 2005-жылдагы “жоогазын” ыңкылабынан кийин түндүктүн күч базасы талкаланып, түштүктөгүлөрдүн, анын ичинде Бакиевдин жолу ачылганы билдирилет.

Jane's Intelligence Weekly аттуу жумалыктын кезектеги санында “Борбор Азия улам күч алып бараткан экстремизм коркунучу астында” деген баш сөз менен макала жарыяланды.

18-октябрда Исфара шаарында Тажикстандын коопсуздук кызматчылары Өзбекстандын ислам кыймылынын 4 жоочусун өлтүргөн окуя мисалга тартылган макалада, Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн аскердик операциялары учурунда базасы талкаланып, жолбашчысы Жума Намангани өлтүрүлгөн Өзбекстандын ислам кыймылынын согушкерлери кайрадан Фергана өрөөнүнө, өзгөчө өрөөндүн элеттик аймактарына кайтып келе башташканы жана алар мыкты уюмдаша алышпаган болсо да, террордук иш-чараларын алдыдагы жылда дагы улантуусу күтүлөөрү бышыкталат.

Өткөн аптада Батыш басма сөз каражаттарында Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын Иранга сапары жана буга байланыштуу “Түркиянын Батышка карата тышкы саясатында багыт алмашып жатабы” деген суроо башкы орунду ээледи.

"New York Times" гезити “Батыш менен Түркиянын мамилеси оордошуп баратат” деген баш сөз менен жазган макаласында, Түркиянын Израил менен болгон мамилелеринин бузула башташы, Сирия менен стратегиялык өнөктөштүк келишимин түзүп, эки өлкө ортосундагы визанын алынып салынуусу жана өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдогандын Иранга сапары өңдүү өнүгүүлөргө шилтеме берилип, “Евробиримдик менен мүчөлүккө өтүү тууралуу сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелип калган абалдын өзүндө да, бул абдан терс мүнөздүү натыйжаларга алып барат. Түркия АКШ үчүн да, Европа үчүн да маанилүү өлкө. Иран, Ирак жана Сирия менен чектешкен бул өлкө демократия менен капитализмдин ислам менен жанаша жашай ала турганынын күчтүү символу болуп эсептелет. Жакынкы Чыгыш менен мурдагы советтик өлкөлөр ортосунда орун алган Түркия Батышка чыга турган табигый газ үчүн стратегиялык мааниге ээ транзит өлкө. Анын Ооганстандагы таасири абдан күчтүү жана Кавказда аймактык лидер өлкө” деген пикир баяндалат.

Лондондо чыкчу “Economist” журналы да бул маселеге кайрылып, “түрктөр Орто Азиядагы журттарынан Жакынкы Чыгышка көчүп келишкенине 1000 жыл болду. Миң жылдыктын жарымы бүт аймакта салтанат курушту. Бирок 1923-жылы Мустафа Кемал Ататүрк Осмон империясынын ордуна Республиканы кургандан кийин өлкө мурда өзүнүн башкаруусунда болгон өлкөлөрдөн бир топ өзүн оолактатып, жүзүн Батышка бурду жана Кансыз согуштун жылдарында АКШ менен жакшы мамиледе болуп келди” деп жазат.

“Түрктөр ак көңүл соодагерлер жана дипломаттар түспөлүндө Жакынкы Чыгышка кайра келишти. Күчтүү экономикасы жана ондогон жылдар бою таңууланып келген секулярдуулуктан кийин кайра ойгоно баштаган Ислам жана Евробиримдик менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрү майнап бербей жаткандан улам күчөп бараткан тажагандык сезимдерин эсепке алганда бул - эң эле табигый көрүнүш болуп эсептелет”.
XS
SM
MD
LG