Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Катчылык... Каатчылык жана башкалар


Баяндамабыз орус тилдүү эки гезит аркылуу болмокчу.

“Кыргызстанда балдардын табышмагынын жандырмагына окшогон: “Үрбөгөн, каппаган, бирок үйгө да киргизбеген” бир түзүм бар. Ал Кыргыз президентинин “примадонна” Оксана Малеваная башында турган катчылыгы. Аталган катчылык бир карасаң Юстиция министрлигинин ишмердигин “көмүскө” аткарып жаткансып сезилип да кетет” деп кебин баштаган “Московский комсомолец - Кыргызстан” гезитинин кабарчысы Улугбек Бабакулов макаласынын атын “Секреты секретариата” же “Катчылыктын катылуу сырлары” деп атады.

Автор андан ары Кыргызстанда орус өкүлчүлүгүнүн журналын ачууну көздөп, аны каттоодон өткөрмөкчү болуп такыр өткөрө албай, 5 ай бою азап тартканын, Минюстка кайрылса улам бир болбогон катаны көрсөтө берип, анысын улам оңдой берип, акыры оңдой турган ката калбаганда министрликтин каттоо бөлүмүнө жооптуу кызматкер Болот Саипов “Сиздин башкы редакторуңуздун президенттин катчылыгындагы таанышы журналды каттоого тыюу салып койгон” деп айтканын, көрсө Минюстун далдасынан бир кезде Кыргызстандагы демократия жана сөз эркиндиги үчүн жалындуу күрөшүүчүлөрдүн бири, "акаевщинага" каршы күрөшүүчүлөрдүн бири Оксана Малеваная айымдын кулагы чыгып турганын байкап калганын кенен баяндаган. Андан ары катчылыктын кызматкери, кечээ эле журналисттердин укугун коргогонсуп жүргөн Илим Карыпбековдун азыркы аракеттерин ачыкка чыгарат.

Журналист Улугбек Бабакулов аталган макаласын жыйынтыктап жатып: “Албетте мен сотко деле кайрылсам болмок. Бирок биздин керемет өлкөдө Акүйдүн аткаминерлери менен соттошуу деген жер бетинде согуп турган шамалды тескери бурам деген менен барабар экенин билген соң убара болбой эле коюуну чечтим. Ошентип Орусиянын журналын Кыргызстанда каттатууну каалабаган Оксана Малеваная уккан ушактарга караганда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп кетүүнү эңсеп жүргөн имиш” деп жазып чыкты.

Бабакуловдун бүтүмү боюнча Бишкекте Орусиялык журналист Евграфов менен саясат таануучу Александр Князевдин сабалышы, Геннадий Павлюктун өлүмү, Орусия менен кызматташууну каалагандарды коркутуп-үркүтүүгө толгон тоголок каттардын сайттардагы сай-сайлап аккан агымы... ушунун баары бир түйүнгө байланган шекилдүү. Кремль менен ырасмий Бишкектин мамилелеринин бузулушун азыр ар кимдер ар кандай жоруп жүрөт. Бирөөлөр муну орус тарап 1,7 млрд. доллар берем деп коюп, анысын бербей кечеңдетип жаткандыгы үчүн кыргыз бийлигинин жогоркудай жолдор аркылуу өч алып аткандагысы катары түшүндүрүп жүргөндөр да бар.

Аталган гезит андан сырткары мигранттар маселеси, стратегиялык объекттердин сатылышы, көгүлтүр от көйгөйүнө арналган макалалардын топтомун тартуулады. “Башка өлкөлөрдү басып алуу үчүн адегенде анын элинин акыл-эсин басып алуу керек” деген макала Кыргызстанды каптап турган диний агымдар жөнүндө баяндайт.

Паспорт үстөл деп аталган мекемелерде дагы деле кассаны кыйгап өткөн канчалаган акчалар ошол жердин кынуусун алып, жедеп куулук-шумдугу ашынып бүткөн шылуундардын жемине айланып келатканын, ырасмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 773 796 паспорт берилгенин, эгер ар бир паспорт алган жаран орточо 40 сомдон эле таштаганда паспорт үстөлдүн кызматкерлери 30 млн. сомдон ашуун пайда табышарын маалымдады.

“Дело №...” гезити генерал И. Исаковдун “Азаттыктын” кабарчысына берген маегин орус тилине которуп жарыялады.

Аталган басылма президент КМШ өлкөлөрүнүн “Мир” телеканалы аркылуу чыгып сүйлөп, тарифтердин эмне себептен кымбаттагандыгын түшүндүргөнүн, Орусиянын Кыргызстанга грант түрүндө берген 150 млн. доллары бюджетти толуктоого жумшалганын, 300 млн. доллары өзүнүн кичүү уулу Максим Бакиев башчылык кылган Өнүктүрүү фондуна 40 жылга жеңилдетилген үстөк пайыз менен берилгенин, айылдык товар өндүрүүчүлөргө карыз акча берүү жагы жаңы түзүлгөн кичикредиттик компаниялар аркылуу жүргүзүлөрүн кеп кылганын кабарлады. Президенттин айтуусуна караганда 100 млн. доллар Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна кеткен.
XS
SM
MD
LG