Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Батыш басма сөзү: Оппозиция жана суу талаш


Борбор Азиянын суу талашы, Фергана өрөөнγндө террор коркунучу жана кыргыз оппозициясынын алсырашы батыш басма сөз каражаттарында байма-бай талкууга алынууда.

“Бакиев ири ГЭСтерди куруу маселеси боюнча Өзбекстан менен Тγркмөнстанды тоотподу” деп жазат Eurasia View интернет баракчасы. Баракчанын Борбор Азиянын суу проблемасына арналган макаласында Кыргызстанда эки ири ГЭСти куруу тууралуу планынан баш тартпаган Курманбек Бакиевдин, “кимдир бирөөлөргө жагабы же жакпайбы - баары бир биз Камбарата ГЭСтерин курабыз” деп 5-май кγнγ бейөкмөт уюмдардын жыйынында айткан сөзγнө шилтеме берилип, ал сөз кошуна жумуруяттардын, өзгөчө өздөрγнө эч кандай тийешеси болбогон ГЭСтерге катуу каршылык билдирип келген Өзбекстан менен Тγркмөнстандын дарегине арналганы баяндалат.

Алматыдагы саммитте Бакиевдин маселени кабыргасынан коюп, Каримов жана Бердимухаммедов менен тартыша кеткени айтылган макалада Орусиянын Нарында курула турган Камбарата ГЭСтери γчγн Кыргызстанга 1.7 миллиард доллар жардам берγγнγ убада кылганы эске салынат.

Аталган баракчада жарыяланган дагы бир макалада болсо, “Борбор Азияда, өзгөчө Фергана өрөөнγнγн Кыргызстан жана Тажикстанга чектеш аймактарында аша чапкан исламчыл топтордун коркунучу өсγп баратат” деген АКШнын Мамлекеттик департаментинин террорчулук тууралуу жарыялаган баяндамасына сереп салынган.

Макалада Мамлекеттик департаменттин 30-апрел кγнγ жарыяланган жылдык баяндамасында, Кыргызстанда “Хизб-ут-Тахрирчилерге” мγчө болгондордун саны 2006-жылы 5000 болсо, ал сан 2008-жылы 15 миңге жеткени; алардын дээрлик көпчγлγгγ өзбетер калың жашаган тγштγктө катталганы менен “Хизб-ут-Тахрирдин” таасири тγндγккө да жайыла баштаганы бышыкталган. Макалада ошондой эле, бардык Борбор Азия жумуруяттарындагы абалга да кенен-кесири көз чаптырылаган.

Institute for War & Peace Reporting аттуу интернет баракчада “Кыргызстанда оппозициянын биримдиги бузулду” деген баш сөз менен макала жарыяланды. “Кыргызстанда оппозиция катарына баш коштуруп, президенттике жалгыз жана кγчтγγ атаандашты алып чыгуу демилгесин жактырып чыкканынан эки жума өтпөй, Бириккен элдик кыймылдагы “Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев президенттик жарышка өз алдынча ат салышарын жар салды. Талдоочулардын баамында, бул өңдγγ тактикалар, Бириккен Элдик кыймылга бγлгγн салууну максат кылат жана 23-июлга белгиленген шайлоодо Курманбек Бакиевди бийликтен кетирγγ мγмкγнчγлγгγн азайтат” делинет макалада.
XS
SM
MD
LG