Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

“Азаттык” үнү Ошто да угулбай калды


"Азаттыкты" обого чыгарууну талап кылган пикет, Бишкек, 2010-жылдын 15-марты.
"Азаттыкты" обого чыгарууну талап кылган пикет, Бишкек, 2010-жылдын 15-марты.

17-март күнү Ош шаарында “Азаттык” үналгысын уктуруу токтотулду. Ошто “Алмаз-Ош” үналгысынын толкунунан чыгып келаткан “Азаттыктын” берүүлөрүн чыгарбоону Мамлекеттик байланыш агенттиги ооз жүзүндө буюрган.

Президенттин катчылыгы муну териштиребиз деген сөздөр менен гана чектелүүдө.

Бишкекте Элдик курултай өтүп аткан маалда Ош шаарында “Азаттыктын” үнүн жабуу боюнча кезектеги операция жасалды. “Журналисттер” коомдук бирикмеси билдиргендей, кечээ “Алмаз FM” үналгысына караган “Алмаз-Ош” үналгысынын жетекчиси Сергей Рахматуллинди Мамлекеттик байланыш агенттигине чакырып, “Азаттыктын” берүүлөрүн алып салуу боюнча сөз жүзүндө көрсөтмө беришкен. Оштук байланышчылар анын себептерин түшүндүрбөй, “Азаттыктын” берүүлөрүн алып берүүгө тыюу салган
- Мен да билбейм, силер эмне болуп атасыңар, чыгып атасыңарбы, чыкпай атасыңарбы...
Данияр Үсөнов
документтерди да көрсөтүшкөн эмес. Ошентип 17-март күнү таңда Ош шаарында “Азаттык” угулганы менен анын кечки берүүлөрү обого чыкпады.

Буга чейин феврал айында Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” радиолору кысымдар болуп атканын айтып “Азаттыктан” кол үзүшкөн. 10-мартта “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы “Азаттыктын” теле долбоорлорун көрсөтүүдөн баш тартып, ортодогу келишимди бир жактуу бузууга аргасыз болгон. 11-марттан тарта “ОК” үналгысы, ал эми 12-мартта “Алмаз-Нарын” үналгысы “Азаттыкты” уктурбай калышкан.

“Азаттыктын” аталган өнөктөштөрүнүн баары тең ачык айта алышпаса да көзмө-көз сүйлөшүүлөрдө бийлик тараптан кысым болгонун ырасташууда.

Өкмөт башчы Данияр Үсөнов 15-мартта “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, үналгынын жер-жерлерде уктурулбай калганынан кабары жок экенин, бул боюнча териштирерин айткан эле:
Kyrgyzstan --

- Мен да билбейм, силер эмне болуп атасыңар, чыгып атасыңарбы, чыкпай атасыңарбы... Премьер-министрге кайрылсаңар, мен бүгүн тапшырма берип, изилдейин. Эмнеге чыкпай атканыңарды, эмне үчүн... Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар, мындан ары да боло берет...

Бирок ага карабай “Азаттыктын” үнүн жабуу өнөктүгү улантылууда. Эми Кыргызстанда “Азаттыкты” үч гана үн алгы азырынча алып берүүнү улантууда. Алар Баткенде “Салам”, Таласта “Некст” жана Чүй-Токмокто “Бурана ” үналгылары.
“Азаттыктын” чектелиши учурдагы өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу болуп атат. Чынын айтканда, азыркы бийликтин бул жаатта кылып аткан иштери мурдагы бийликтикинен айырмаланбай атат.
Марат Токоев

Мурда башка үналгылар “Азаттыктын” берүүлөрүн токтотууну кимдер буюрганын ачык айтуудан айбыгып келишкен. Кечээ “Алмаз-Ош” үналгысынын жетекчиси кимдер буюрганын ачык эле айтты. Буга чейин “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Президенттин катчылыгы “кимдер буюруп атканы тууралуу фактылар барбы?” деп буйтактатып келишкен болчу.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин айтымында, “Азаттык” жана андан башка эркин маалымат каражаттары саясий негизде кысымдарга туш болушууда:

- Бул негизи, “Азаттыктын” чектелиши учурдагы өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу болуп атат. Чынын айтканда, азыркы бийликтин бул жаатта кылып аткан иштери мурдагы бийликтикинен айырмаланбай атат. Мурда кандай болсо, азыр деле так эле ошол технологиялар, ыкмалар колдонулуп атат.

Айтмакчы, 17-мартта Бишкекте өткөн Элдик курултайыдын резолюциясында жети талап коюлган. Анын жетинчи талабы сөз эркиндиги тууралуу болуп, “Азаттык” үналгысы бүтүндөй өлкөгө уктурулсун деген талап коюлган.

Эскерте кетсек, 2008-жылы “Азаттык” үналгысынын берүүлөрү менен теле долбоорлорун чыгарууну УТРК бир тараптуу токтоткон эле. Андан кийин “Азаттык” үналгысы менчик үналгы жана сыналгылар менен кызматташып келген эле.

Ошондон бери эле “Азаттыктын” угармандары анын берүүлөрүн чектебөөнү талап кылып келатышат. Ал тургай Өндүрүш Токтонасыров аттуу “Азаттыктын” угарманы “Азаттыкты” коргоо кыймылын түзүп, кыйладан бери нааразычылык акцияларын уюштуруп келатат.

15-мартта болсо бир катар бейөкмөт уюмдары, оппозиция өкүлдөрү жана “Азаттыктын” угармандары Бишкектеги Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдында пикет өткөрүп, “Азаттыкты” кыспоону талап кылышкан.

“Азаттык” үналгысынын кысымдарга туш болуусуна ЕККУ сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар да тынчсызданууларын билдиришти. Ал эми “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын президенти Жефри Гедмин болсо, Кыргызстанда “Азаттык” үналгысынын чектелип атышын “жарандардын көз карандысыз, альтернативдүү маалымат алуу укугун чектөө” катары баалады.
XS
SM
MD
LG