Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Бүгүн оппозиция жалпы өлкө боюнча массалык каршылык иш-чараларын баштамакчы. Талдоочулар оппозициянын уюштуруу иштери начар болуп турганын белгилеп, тоодой толкун күткөндөр жаңылышы да мүмкүн дешет.

23-июль күнү кечинде Алмазбек Атамбаевдин штабынын алдында чогулушкан оппозиция лидерлери өтүп жаткан президенттик шайлоону тааныбай тургандыктарын, жалпы өлкө бир үй-бүлөнүн туткунунда кала бергенин айтып, коомчулукту учурдагы режимге каршы чыгууга үндөшкөн. Анда БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров 2000 чамалуу чогулган элди тынч таркап кетүүгө чакырып, эки-үч күндөн кийин массалык толкундоолор башталарын айткан.

Андан кийин оппозициянын нааразычылык чаралары А.Атамбаев Москва шаарынан келгенден кийин болору айтылган. Ал сапарынан кайткандан кийин А.Атамбаев айтылган массалык толкундоолор тууралуу так маалымат айтпай, тек гана элди күрөшкө үндөгөн болду.

Ушулардын бардыгына сереп салып турган талдоочулардын баамында, оппозиция лидерлери арасында бекем биримдик жоктой. Так ушул себептен улам уюштуруу иштери жакшы болбой жатканы байкалат. Анын үстүнө соңку кездери жалпы коомчулук өлкөдөгү орчундуу окуяларга да кайдыгер карап калышты. Ал эми мындайдан пайдаланган бийлик өз ордун дагы беш жылга бекемдеп алды.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, жакынкы арада 2005-жылдагыдай элдин тоодой толкунун күтпөй койсо деле болот. Анткени бардык болгон ыплас иштерди коомчулукка түшүндүрүп, элди козгой турган интеллигенция, саясий элита, жарандык коом болбой жатат. Ал эми айтымыш болгондору алсыздык кылып, коркоктору көп болууда:

- Өлкөдөгү абалды оңдош карапайым элдин колунан келбейт. Эл деген эмне, эл деген кой сыяктуу болуп атпайбы. Көпчүлүктү айдап кете берсең болот экен бизде. Мындай чоң иштер элитанын, эл деген патриоттордун, чындыкты издеген, акыйкатты издеген, элден суурулуп чыккан жүрөгү ак адамдардын колунан келет. Албетте эгерде андайлар калган болсо. Ошолор биригип, өздөрүн эмес элди ойлой турган болсо бир нерсе кыла алышат. Бирок биздеги андай элита бир нерседен коркуп атпайбы. Мен билбейм эмнеден коркуп атышат. Жүрөктөрү бир нерседен абдан түшүп калыптыр. Коркуп эле отурушат.

Оппозициянын бүгүнкү нааразычылык акциялары “Таза шайлоо!” деген ураан алдында башталмакчы. БЭКтин кеңсесинен билдиришкендей, нааразычылык акциялары бүгүн Бишкек шаарынан тышкары Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында өткөрүлмөкчү. Андан 2-3 күн өтпөй Ош, Жалал-Абад облустарында да ири акцияларды баштоо пландалган.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү, ар качан чоң-чоң митингдердин көркүн ачып келген саясатчы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, оппозицияны “2005-жылдагыдай бириге албайт” дегендер жаңылышат. Анткени ири митингдер али алдыда:

- Мобу кылып аткан иштер, жалгыз эле оппозициянын иши эмес да. Эл канчалык даяр ушуга? Чечкиндүү кадамдарга, көчөгө чыкканга. Аны көрөбүз митинг учурунда дагы. Алдыда аткара турчу иштер көп эле. Негизи мындай нерселерди, пландарды убакыт-сааты келгенге чейин айтпай да туруш керек.

Оппозициянын Бишкектеги нааразычылык акциясы А.Атамбаевдин кеңсеси тарапта эртең мененки саат ондо башталмакчы. Андан аркы кадамдар кандай болорун БЭКтин өкүлдөрү азырынча айтпай турушат.

Талдоочулардын айтымында, эгерде нааразы болгондордун саны көбөйүп кете турган болсо, Чолпон-Ата шаарында 31-июль, 1-август күндөрү өтө турчу ЖККУнун саммитине тоскоол болушу ыктымал. Ички иштер министрлиги саммит учурунда тартипти сактоого даяр экендигин айтканы менен он миңдеген адамдар көчөгө чыга турган болсо алар деле алсыздык кылат дешет.

Андыктан, массалык толкундоолорду басуу үчүн бийлик аскерлерди колдонбос бекен деген чочулоолор айтыла баштады. Эскете кетсек, былтыр дээрлик басымдуу бөлүгү президент башкарган “Ак жол” партиясынан турган парламент атайы мыйзам кабыл алып, армияга өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүнө мүмкүнчүлүк берген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG