Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Коомдук парламент: 2009-жылы абдан артка кеттик


Президенттик шайлоодон кийин нааразылыкка чыккандарды кармоолор, Бишкек, 29-июль, 2009-жыл.

Президенттик шайлоодон кийин нааразылыкка чыккандарды кармоолор, Бишкек, 29-июль, 2009-жыл.

15-январда Бишкекте Коомдук парламент жыйын өткөрүп, былтыркы окуялардын негизинде азыркы кырдаалга баа берди жана алдыдагы иш-чараларын белгиледи. Бийлик өкүлдөрү болсо Коомдук парламент бир жактуулукка жол берип атканын айтышууда.

Коомдук парламент кабыл алган резолюцияда 2009-жылы жалпысынан Кыргызстан укуктук жактан артка кетип, бийлик репрессиялык кадамдарын күчөткөнү айтылды.
Ички иштер министрлигинде болуп аткан иштерди, өзгөрүүлөрдү, дүйнөлүк стандарттарга туура келүү жана адам укуктары боюнча иштерди сокур киши эле көрбөй атышы мүмкүн.
Шамшыбек Мамыров

Маселен, былтыр Петровкадагы тополоңдун аркасы менен Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловдор камакка алынганы; президенттик шайлоо ыплас өтүп, ага нааразы болгондор Балыкчы менен Бишкекте камалышканы; оппозициядагы Аликбек Жекшенкулов, Эмил Каптагаев, Исмаил Исаков сыяктуу адамдар куугунтукка алынып, И.Исаков жакында эле 8 жылга эркинен ажыратылганы; президент баш мыйзамды бузуу жолу менен башкарууну реформалап, өз уулун жанына алганы сыяктуу көптөгөн окуялар козголду.

Жыйын соңунда жалпысынан өлкө тоталитардык режимге айланып калганы айтылган резолюция кабыл алынып, бийликтен өзүм билемдик, мыйзамды тебелөөчүлүктү токтотуу талап кылынды.

Ошондой эле жыйын катышуучулары түзүлгөн кырдаалга жараша аракеттенип, адам укуктары, эркиндиктери сакталышы үчүн бардык багытта иш алып барарын айтышты.

Коомдук парламенттин төрага орун басары Асия Сасыкбаева мындай дейт:
Асия Сасыкбаева

- Өзүбүз да ич ара уюшуп, дагы ойлонобуз. Алайга ким кетет? Жогорку Кеңеш менен ким жолугат? Чет өлкөлүк өкүлдөр менен ким жолугат? Ушул сыяктуу иштерден баштап, маселелерди козгой беребиз. Өзүңөр билгендей адам укуктары азыр оор абалда. Ошондуктан биз иштиктүү иштейли деп атабыз.

Коомдук парламенттин жыйынында бийлик күч органдарын курал катары пайдаланып атканы, милиция кызматкерлери менен улуттук коопсуздук кызматкерлери функционалдык милдеттерин аткаруунун ордуна оппозиция өкүлдөрүн аңдып калышканы айтылып, тез арада бул органдарды реформалоо талабы да коюлду.

Жыйынга көз салып турган Ички иштер министрлигинин Илимий изилдөө борборунун жетекчиси, полковник Шамшыбек Мамыров Коомдук парламенттин жыйынына келгендер негизинен бир жактуулукка жол берип атышканын баса белгиледи. Анын айтымында, учурда ИИМ жарандардын укугун коргоо жатында олуттуу иштерди аткарып, мыйзам чегинде гана иш алып барууда. “Андыктан камашты, сабашты деген сыяктуу милициянын дарегине айтылган сындар туура эмес” дейт ал:

- Ички иштер министрлигинде болуп аткан иштерди, өзгөрүүлөрдү, дүйнөлүк стандарттарга туура келүү жана адам укуктары боюнча иштерди сокур киши эле көрбөй атышы мүмкүн. Жанагы айтылып аткан сын пикирлерге келсек, мейли Балыкчы окуясы боюнчабы, мейли Беш-Күңгөйдөгү тартип бузууларбы, мейли Ноокат окуясы болобу, баарында соттун чечими бар. “Ошол жерлерде ИИМ кызматкерлери туура эмес кылышкан” деп атышат. Анын баарын сот далилдеп атпайбы...

“Улуу биримдик” партиясынын лидери, Коомдук парламенттин, БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Каптагаев болсо төмөнкүлөргө токтолду:
Эмил Каптагаев

- Мен үч жыл мурда “Кыргызстанга 1937-жылдын көлөкөсү келатат” деп макала жазган элем. Ошондо аябай көп кишилер каршы болушкан, “каяктагы 37-жыл” деп. Ошол эле Зайнидин Курманов айтып чыккан эле, “эч кандай 1937-жыл жок” деп. Мынакей азыр ал спикер болуп отурат. Бирок бүгүнкү шарт көрсөтүп атпайбы, биз 1937-жылдын көлөкөсү эмес, босогосуна келип калдык.

Эгерде жанагыдай Павлюктун өлүмү, И.Исаковдун камалышы, менин үстүмөн былтыркы сот процесси же мени уурдап кетип сабаган сыяктуу окуялар улана берсе, бүгүн-эртең эле өлкөдө жалпы тоталдык террор абалына түшөбүз.

Жыйында Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова, Динара Ошурахунова сыяктуу белгилүү укук коргоочулар да демилге көтөрүшүп, адам укуктарын коргоодо пландуу иштөөгө чакырышты. Иш башы катары жыйын катышуучулары Алайдагы генерал Исмаил Исаковдун тарапкерлеринин укугун коргоо үчүн киши жөнөтүү бүтүмүнө келишти.

Тасмада: Коомдук парламенттин кезектеги жыйыны

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG