Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Орусия: Путинден башка кимге айтам...


Орус өкмөтүнүн башчысы В.Путин эл менен үч сааттан ашык сүйлөштү
Орус өкмөтүнүн башчысы В.Путин эл менен үч сааттан ашык сүйлөштү

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин бүгүн калктын суроолоруна жооп берди. Эл менен суроо-жооп форматындагы жолугушууларын Владимир Путин президент кезинде баштаган.

Премьер-министр Путин менен калктын суроо-жооп жолугушу буга чейинки, атап айтканда, Путин президент болуп турган мезгилдеги, жолугушуулардан эч нерсеси менен деле айырмаланган жок. Суроолорго толтура фактылар, статистика менен жооп кайтарып олтурган Путин дагы деле улуттук лидердин позициясында тургандай сезилди.

Премьер-министр Владимир Путин менен элдин суроо-жооп жолугушуусун Эрнест Мацкявичус алып барды
Теле-конференциянын алып баруучусу Путинден жарым жылдай мезгилден бери ал өзүн премьер-министрдин креслосунда кандай сезип жатканын, эмне ишти бүтүрө алганын сурады. Путин болсо, башкысы кресло эмес, мамлекеттик кызматтын жоопкерчилиги деп айтты. “Бул мен үчүн жаңы иш эмес”, - деп кошумчалады ал. Владимир Путин Борис Эльциндин тушунда да орус өкмөтүн жекектегени белгилүү.

Буга чейинки конференциялардай эле, бул жолу эл менен жолугушуу дагы Путинге суроомду берип калсам экен деп турган жүздөгөн адамдар толгон залда өттү. Адаттагыдай эле интернет сайтка да адамдар суроолорун жазышты, СМС аркылуу да беришти. Анан өлкөнүн алыскы бир районунан теле-байланышка чыккандар болду. Бул форматты Путин буга чейин да колдонуп келген.

Эл менен жолугушууларда, адатта, жергиликтүү темалар, маселелер көбүрөөк көтөрүлөт. Бирок Орусиянын тышкы саясатына тиешелүү да айрым көйгөйлөрдү чымчып өтүшкөндөй болду. Мисалы, бул ирээт экономикадагы кризиске байланыштуу суроолор көп болду. Өзгөчө, тамак-ашка, турак-жайга баанын өскөнү, жумушсуздук маселесине премьер-министр кеңири токтолду. Орус бюрократиялык аппаратында популярдуу теманы көтөрүп, Путин Орусиядагы экономикалык машакаттын баарына Америка күнөөлүү деп айткансыды.

"Кризис АКШда башталды. Ошол мамлекеттин экономикалык жана каржылык бийлигининин натыйжасында кризис чыгып, акыр аягында ал дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин экономикаларын да шалдыратып койду. Бул, албетте, бизге да таасир этти."

Ошол эле учурда ал АКШдагы президенттик шайлоого да комментарий берип кеткенге үлгүрдү. Ал жаңы шайланган Барак Обаманын тушунда эми Москва менен Вашингтон алакалары жакшырат го деп үмүттөнөөрү айтты.

Путин, андан сырткары, өлкөнүн жакын коңшу мамлекетин, өзгөчө, расмий Киевди, эгер Орусия Украина аркылуу Европага жөнөтүп жаткан газды уурдаса, же акчасын учурунда төлөбөсө, газ бербей коебуз деп эскертти.
В.Путин эл менен бул жолу президент эмес, премьер-министр катары сүйлөштү. Бирок берилген суроолордун да, жооптордун да мүнөзү өзгөргөн жок


"Бекер товар болмок беле? Төлөш керек. Алар бизге газды келерки жылы да быйылкы жылдын баасы менен саткыла дешет. Украина азыр газды ансыз деле Европага сатылып жаткан баадан эки эсеге арзан алат. Анан кантип биз аны келерки жылга да быйылкыдай баада калтырабыз?"


Иши кылып, Путиндин эл менен болгон бул жолку теле жолугушуусу деле ал президент болуп жүргөн кезиндегисинен эч айырмаланган жок. Кимден кийин ким кандай суроо берээри алдын ала жакшы даярдалган театралдаштырылган оюн дегендей да түр калтыргансыды.

Путин болсо мурдагысындай эле баардык суроолорго өзүнүн атынан ишенимдүү сүйлөп жатты. Аналитиктер анын анчалык ишенимдүүлүгү көп нерседен кабар берет, балким, 2012-жылы кайра президенттикке Владимир Владимирович Путин келээрин түшүрсө керек дешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG