Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

«Азаттык» Европада эркиндиктин эпкинин тараткан


Чехиянын экс-президенти Вацлав Гавелдин диссиденттик үнү алгач "Азаттыкта" чыккан.

Чехиянын экс-президенти Вацлав Гавелдин диссиденттик үнү алгач "Азаттыкта" чыккан.

АКШ Конгрессинин чечими менен Эркин Европа/Азаттык радиосунун ондогон редакцияларынын 1950-жылдардан берки документ-материалдары Америкадагы Гувер институтуна жеткирилген.

Ошол жерде радионун эбегейсиз архиви менен «кансыз согуш» тарыхын изилдеп жүргөн адистер, журналисттер тааныша алышат. Ал архивде сакталгандарды коомчулукка жеткирип, өткөндүн сабактарын өздөштүрүү канчалык зарыл экенин ушул аптада Прагада өткөн жыйында Гувер институнун изилдөөчүсү Росс Жонсон белгиледи.


Росс Жонсон – 1988-2002-жылдары Эркин Европа/Азаттык радиосунун жетекчи кызматарында иштеген. Ошол жылдары жана кийин да радионун архивдик материалдарын топтоп, АКШнын Калифорния штатындагы Гувер институтуна жеткизип, ал жерде аудиофайлдарды өзүнчө, документтер менен кагазга терилген кабарларды өз-өзүнчө тийиштүү шарттарда сактап, кызыккан адамдарга китепканада таап берүү иштерин көзөмөлдөп келатат. Өзү көптөн бери радионун архиви менен иштешип келаткандыктан, уюм жаңыдан түзүлгөн 1950-жылдардан берки тарыхына төмөнкүдөй көз чаптырат.

- Эркин Европа/Азаттык радиосу 1950-60-жылдары өтө маанилүү, таасирдүү мекеме эле. Бирок ал жылдарды азыр мен кийинки чечүүчү мезгил алдында кесиптик жөндөмүн таптап, өрчүтүп, кийинкиге инвестиция салган жылдар деп баалар элем. Радио миссиясын так аныктап, өз нугуна кирген жылдар катары 1970-80-жылдарды атасак болот. Анткени Эркин Европа/Азаттык радиосуна бул жылдары чет өлкөлөрдө активдешкен диссиденттик, эмигранттык кыймылдар күч, дем кошту. Дал ушул жылдары мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада, Советтер Союзунда жашаган адамдар дүйнөдө эмне болуп атканын биздин радиодон угуп үйрөнө баштады. Ошол эле маалда белгилүү диссиденттер Вацлав Гавел Эркин Европа/Азаттык аркылуу чехтерге кайрылып, Лех Валенса поляктарга, Андрей Сахаров орустарга кайрылып, эркиндикке үндөй баштады. Ошол жылдары биздин радио демократтардын үнүн элге угузган мегафонго айланды.


1987-88-жылдары Европада технологиялык ыкчам өнүгүү башталып, Чыгыш Европадан Батышка мурдагыдай оператор аркылуу телефон чалбай эле, түз чалууга мүмкүн болуп калды. Ошону менен ал кезде Эркин Европа радиосунун курамына кирген чех, поляк, венгр жана башка кызматтары өз өлкөлөрүнө телефон чалып, ар түрдүү адамдардан интервью алып, радио обого түз чыгып, угармандар менен байланыш бекемделди.

Жонсон баарынан да 1989-жылы радионун тарыхында чоң бурулуш башталганын, ага чейин анда иштеген журналисттер өз мекенинде саткын катары эсептелип, ал жакка кайтып баруу түштөрүнө да кирбесе, дал ушул Берлин дубалы кулатылган жылы европалык кызматтардын жетекчилери тарыхый мекенине каттай баштаганын айтат.

Андан бери да 20 жыл өтүп кетти, дагы далай суу акты, Эркин Европа/Азаттык радиосунун жарым кылымдай тарыхы бар чыгыш европалык кызматтары жабылды. Алардан көп узабай Евробиримдикке кошулуп, демократиялык өнүгүү жолунан артка кайтпай калган Латвия, Литва, Эстониялык кызматтар да ишин токтотту. Бирок өз өлкөсүндөгү элдин эркиндикке умтулуусун колдоп, ал максатка жетишине жигердүү салым кошкон Азаттык радиосунун Америкадагы бай архиви “кансыз согуш” жылдарына кызыккан, андан сабак алууну көздөгөн изилдөөчү, саясатчылар үчүн маанилүү булактардын бири экени талашсыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG