Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Ирактык тыңчылар Эркин Европа/Азаттык радиосуна кол салуу даярдаган


Чехиянын чалгындоо кызматы 2000-жылы Эркин Европа/Азаттык радиосунун Прагадагы башкеңсесине кол салуу даярдалып, ирактык тыңчылардын ал ниети аз жерден ишке ашпай калганын билдирди.

Чехиянын бийликтери 2000-жылы Ирактын андагы лидери Саддам Хусейн Эркин Европа/Азаттык радиосунун Прагадагы баш кеңсесине кол салууга буйрук бергенин ырасташты. Дүйшөмбү күнү жарыяланган билдирүүдө Чехиянын чалгындоо кызматы даярдалып жаткан чабуул тууралуу маалыматты ошол кезде Ирактын Прагадагы элчилигинде иштеген булактан алганы айтылат. Эркин Европа/Азаттык радиосунун ирак кызматы андан эки жыл мурдараак обого чыга баштаган.

Азыр Ирактын Чехиядагы элчиси болуп иштеген Дхия Ал Аббас ал кезде чет өлкөдө бозгунчулукта жүргөн ирактык оппозиция өкүлү болчу. Элчи ошондо эле Саддам Хусейн радионун үнүн басуу аракетин ойлоно баштаганын айтат.

- Бизге Саддамдын өкмөтү Ирактын Прагадагы элчилигинде иштеген тыңчылар аркылуу радионун имаратына кол салууга кам көрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал кезде Багдаддын Прагадагы элчилиги – Европадагы жашыруун кызматтардын башкы очогунун бири эле. Эркин Европа/Азаттык радиосунун ирак кызматы ачылганы Саддамдын тынчын алып, ал кандай жол менен болсо да имаратка чабуул коюуну чындап ойлоно баштаган.

Чехиянын чалгындоо кызматы билдиргендей, ирактыктар Праганын тарыхый борборунда жайгашкан Эркин Европа/Азаттык радиосунун имаратынын маңдайындагы көп кабаттуу үйдүн терезесинен ок-граната жаадырып, кабарчылар отурган бөлмөлөрдү канга бойоону пландаштырган. Ал үчүн Ирактык тыңчылар дипломатиялык макамга жамынып алып, танктарга каршы колдонулчу гранатомет, алты пулемет жана башка алдыңкы курал-жабдыкты Прагадагы элчиликтин кампасына топтоп койгон.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Жефф Гедмин бул окуя авторитардык бийлик өкүлдөрү көз карандысыз маалымат каражатын канчалык кас тутаарын айгинелейт деген пикирин айтат. “Менимче, бул окуя айрым адамдар биз баарынан жогору койгон баалуулукту жок кылыш үчүн киши өлтүрүүдөн да кайтпай турганын көргөзөт. Алар калыс, так маалыматтын эркин агымын башкы душман эсептейт”, - дейт Гедмин.

Ошентип, 2000-жылы Ирак тарап даярдап жаткан кол салуунун бети ачылып, кудай жалгап ал кыянатчыл план ишке ашпай калып, Чехиянын бийликтери Багдадга тийиштүү кабар жөнөтүшкөн. 2001-жылдын жаз айларында Ирактын Прагадагы элчилигинин кызматкери, дипломат Ахмед Халил Ибрагим Самир Ал-Ани Чехиядан чыгарылган. Ал Азаттык радиосунун имаратын сүрөткө тартып, байкоо жүргүзүп турган. 2003-жылдын март айында Ирак элчилигинин дагы 5 кызматкери мекенине айдалган.

Чехияда бул окуя өткөн жекшембиде Нова телеканалаы көргөзгөн даректүү тасмада баяндалып, маалымат коомчулукка алгачкы ирет ачык айтылды.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG