Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Украинада радиоактивдүү заттарды сатууга аракет кылгандар кармалды


Украинанын коосуздук кызматынын маалыматына караганда, өлкөнүн Тернопыль облусунда радиоактивдүү заттарды сатууга аракет кылган аймыктык депутат менен эки ишкер кармалды. Мындай заттарды адатта террорчулар «ыплас бомба» жасоо үчүн жашыруун сатып алганга аракет кылып келишет. Кармалгандар өткөн жумада төрт киллограммга жакын радиоактивдүү затты чет элдик тыңчыга сатууга аракет кылышкан маалда колго түшүрүлгөн.

Маалыматтарга караганда, Тернопыль облусунда кармалган үч адам 9-апрель күнү төрт киллограммга жакын радиоактивдүү делген «Плутоний-239» затын 10 миллион АКШ долларына сатмакчы болушкан.

Бул зат өзөктүк бомба жасоо үчүн да негизги элемент катары эсептелинет. Мындай затты акыркы кездери террорчулар да иликтеп, өзөктүк болбосо да ыплас бомба жасоо аракетин көрүп келишет.

Кармалгандар тууралуу маалыматты Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлү Марина Остапенко да тастыктады. Бирок коопсуздук кызматы тергөө иштерине жолтоо болбосу үчүн азырынча кармалгандардын аты-жөнүн айтуудан, кененирээк маалымат берүүдөн баш тартууда.

Бирок алгачкы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кармалган зат абдан коркунучтуу делген плутоний эместиги аныкталган. Адистер затты текшерип чыккан соң, анын химиялык америций аттуу радиоактивдүүлүгү төмөн зат болушу мүмкүн экенин айтышкан.

Америцийди айрым өнөр-жай тармактарында да аз-аздан пайдаланып келишет. Бирок бул зат өзөктүк бомба жасоо үчүн тап-такыр эле жараксыз. Бирок бул зат террорчулардын колуна тийе турган болсо, чындап эле кыйла коркунучтуу курал жаралышы мүмкүн дешет. Адистердин божомолунда, мындай өлчөмдөгү америций жардыргыч затка бириктирген учурда, бир шаардын онго жакын кварталын каптай турчу коркунучтуу радиоактивдүү куралга айланат.

Коопсуздук кызматтарынын божомолунда, бул зат СССР учурунда эле азыркы Орусиянын аймагында өндүрүлгөн жана кийинчерээк Украинада аткезчилик жол менен сатылып келген.

Советтердин кулашы менен өзөктүк материалдарды көзөмөлдөө иши солгундап, анын айынан жүздөгөн ирет уурдалган радиоактивдүү заттарды аткезчилик жол менен сатуу аракеттери болгон.
АКШнын президенти Барак Обама 5-апрелде Прага шаарына иш-сапары менен келген учурда, жер шарын өзөктүк куралдар коркунучунан сактоо демилгесин көтөрүп, өзөктүк куралдарды азайтууга, дүйнөнүн көп жеринде жаткан радиоактивдүү материалдарды зыянсыздандырууга чакырган.

«Өзөктүк курал колдонгон дүйнөдөгү негизги өлкөлөрдүн бири катары АКШда бул жаатта аракет көрүү милдети башкалардан көбүрөөк. Бул иште биз жалгыз ийгиликке жете албайбыз, бирок биз ал ишти баштай алабыз. Ага жол көрсөтө алабыз. Ошондуктан бүгүн мен ачык жана ишенимдүүлүк менен Кошмо Штаттары дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка өзөктүк куралсыз жетишүүгө ниети бар экенин баса белгилеп айткым келет»,- деген эле АКШ президенти Барак Обама.

XS
SM
MD
LG