Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Тажикстан Орусиядан талап кылат


Рахмон (оңдо) Медведев (солдо) менен бул жолку жолугушууда “ишенимдүүлүгүн” көрсөттү, 24-февраль, 2009

Рахмон (оңдо) Медведев (солдо) менен бул жолку жолугушууда “ишенимдүүлүгүн” көрсөттү, 24-февраль, 2009

Ушул айдын башында тажик президенти Эмомали Рахмон Москвага барган учурдагы сүйлөшүүлөр акыр аягында тажик-орус мамилелерин басаңдаткандай абалга жеткирди. Арадан 20 күндөй өтүп, эми Европага болгон сапарынан кийин, Рахмон кайра Москвага келип отурат. Евробиримдик жана НАТО менен кызматташтыкты арттыруу үчүн сүйлөшүүлөрдөн кийин, тажик президенти бир топ эле ишенимдүү болуп калганы айтылууда. Эми ал бул жолу орус жетекчилиги менен “ачык соодалаша” ала тургандай.

Эмомали Рахмон бул жолу орус кесиптеши Дмитрий Медведевке бир топ талаптарын айтат деп күтүлүүдө. Тажик тараптын талаптары энергетикалык долбоорлордон тарта аскерий, ишкердик жааттагы инвестиция менен да байланыштуу болот.

Азыркыдай глобалдык экономикалык кризис учурунда чет жактан инвестицияга муктаж болуп турган Тажикстан азыр ким жардам берсе, ошо тарап менен достошууга даяр экенин көрсөтүп жатат. Президент Рахмон бул боюнча Брюсселге да, Вашингтонго да, Тегеранга да барды.

Орусиялык саясий жана аскерий эксперт Владимир Мухиндин айтымында, Рахмон азыр курулай убада менен эле тынчып кала турган түрү жок. “Тажикстан азыр курулай сөз эмес, конкреттүү иш жасалышын, инвестиция бөлүнүп, Рогун ГЭСи курулушун каалайт”, - дейт Мухин.

Акыркы мезгилдерде Тажикстандын Москва менен жана коңшулаш мамлекеттер менен мамилесинин салкындай түшкөнү да дал ушу Рогун ГЭСи менен байланыштуу болду. Расмий Душанбе азыр Рогун долбоору ишке ашса, өлкөдөгү энергетикалык кризис чечилип, жашоо жакшырат деген үмүттө. Орусия бул үчүн 2 млрд.доллар жардам берээрин 2004-жылы эле убада кылган.

Бирок жакында эле орус президенти Дмитрий Медведев Ташкенге мамлекеттик сапар менен барып, “Борбор Азиядагы гидроэлектростанциялар аймактагы мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен гана курулушу керек” деп билдирди. Бу дегени Ташкен Рогун ГЭСинин курулушуна каршы болсо, орустар да тажиктерге кредит бербеши мүмкүн дегенди билдирет. Ташкен менен Душанбе Тажикстандан чыксу суунун айынан бир пикирге келе албай жаткан чакта мындай билдирүүнүн жасалышы тажик президентин бир топ эле капалантты окшойт.

Анткени жакында Москвада КМШ мамлекеттеринин саммитине Эмомали Рахмон барбай турганын билдирип чыкты. Кийинчерээк баары бир Москвага Рахмон келди деңизчи, бирок алгач сапардан баш тартканынын өзү мамилелердин чыңалып турганын көрсөтөт, деп чыгышты аналитиктер.

Москвадан куру кол кайткан Рахмон заматта Брюсселге кетип калды. Ал жактан ал экономикалык мамилелерди жакшыртуу жаатында келишимдерге жетишип, эми энергетикадагы проблемаларын Москва жардам берсе да, бербесе да баары бир чече ала турганын жар салды. Энергетикалык долбоорлорго бул ирет Тегеран негизги колдоо боло турганы кыйытылгандай болду.

Бул эле эмес, Тажикстан эми өзүнүн аймагы аркылуу Ооганстандагы коалициялык күчтөргө курал эмес башка жардамдарды ташып өтүү үчүн НАТОго макулдугун бере турганын билдиргенсиди.

Ооган жериндеги эларалык аскер күчтөрүнө буга чейин негизги колдоо Кыргызстандагы “Манас” аба базасынан жеткирилип турган. “Манасты” болсо кыргыз жетекчилиги жаба турганын Москвада айтып, орус жетекчилигинен 2 млрд.доллар кредит өндүрүп алууга жетишти.

Тажикстандагы саясий аналитик Марат Мамадшоевдин айтымында, Тажикстан Кыргызстандын бул чечиминен өзүнө кичине болсо да сабак ала алды.

“Тажикстан эми Орусиядан, жок эле дегенде, Кыргызстанга бөлүнгөнчөлүк акча алып калууну самайт. Чынында Тажикстан андан да көбүрөөк колдоо өндүрүп калганга аракет кылса керек, анткени Душанбедеги расмий жетекчилик, Кыргызстанга караганда, Тажикстан азыр Орусия үчүн маанилүүрөөк жана көбүрөөк пайда бере алат деп ишенет”, - дейт тажикстандык эксперт Мамадшоев.

Рахмон азыр Москвада талабын катуураак формада айтканга дагы бир мүмкүнчүлүгү бар. Анткени Тажикстан орус аскерий базасын өз аймагында кармап турат. Бул – Орусиянын чет-мамлекеттердеги базаларынын ичинде эң чоңу, анда 7,5 миң аскер бар.

Бирок бул жолку сүйлөшүүлөрдө Орусия Рахмондун баардык эле талабына макул болгудай алсыз позицияда турган жери жок. Орусияда 1 миллиондой тажик мигранты жүрөт. Алардын колдоосу тажик экономикасы үчүн опол тоодой эле нерсе.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG