Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Бирөөнүн мүлкүн тартып алууга же рейдерчиликке каршы өкмөт сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынып, президенттин кол коюусуна берилди. Адилет министрлиги билдиргендей, бул мыйзам мурда мүлкүн тарттырып жибергендер үчүн кайрадан таламын талашууга мүмкүнчүлүк берип, менчиктин корголушун бекемдейт.

Бийлик бутактарында тең салмактуулук, көз карандысыздык болмоюнча бул мыйзамдын иштеп кетишинен күмөн санагандар көп.

2008-жылдын 9-декабрында президент Курманбек Бакиев “Кыргызстанда менчикке болгон укуктун корголушун жана анын кол тийбестигин күчөтүү жөнүндө” деп аталган жарлыкка кол койгон. Андан соң менчикти коргоо жаатындагы өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоору да жактырылып, Жогорку Кеңешке жиберилген.

Адилет министрлигинин статс-катчысы Аида Салянованын айтымында, парламентте кабыл алынган бул мыйзам долбоордо менчикти коргоо багытында жылыштар бар. Бирок анын пикиринде, жалгыз эле мыйзамдык жол менен рейдерчиликке бөгөт коюуга мүмкүн эмес. Ал үчүн жалпы коомчулуктун укуктук маданиятын жогорулатып, коррупцияны төмөндөтүү керек. Антпесе мындай мыйзамдардын деле пайдасы азыраак болот.

Адистердин айтымында, бийликтеги тең салмактуулук, бийлик бутактарындагы көз карандысыздык да рейдерчилик маселесинде негизги орунда турат. Маселен, эгерде сот бийлиги эркин жана калыс болсо, бирөөнүн мүлкүн тартып алууга аракет кылган топтордун жолун тороп коюуга болот дешет. Бул тууралуу Адилет министрлигинин статс-катчысы Аида Салянова мындай дейт:

- Рейдерчиликтин көлөмүнө таасирин тийгизип аткан эң негизги нерсе, бул эң оболу сот бийлигинин көз карандылыгы болуп атат. Эгерде сот органдары көз карандысыз болсо, андай болбойт эле. Анткени бардык талаш-тартыш маселелердин соңу сотко барып такалат. Акыркы чечимди сот органдары кабыл алат. Так ошол себептүү алардын көз карандысыздыгы негизги ролду ойнойт.

Деген менен өлкөнүн баш мыйзамы боюнча соттордун тагдыры башка бийлик бутактарыныкы сыяктуу эле президенттин колунда кала берүүдө. Андыктан өлкө президентинин же анын жакындарынын дарегине айтылган айыптоолор бекеринен эмес дешет.

Маселен адистердин айтуусунда, эки жыл мурдагы “Кыргызөнөржайкурулушбанктын” айланасындагы талаш-тартыштар жана анын ээлеринин алмашуусу классикалык рейдерчиликтин үлгүсү жана ал мамлекеттик органдардын түздөн-түз кийлигишүүсү аркасында ишке ашкан. Бирок мындай жол менен мүлкүнөн айрылгандардын дээрлик көпчүлүгү демейде анысын кайтарып ала алышпайт. Анткени мындай жол менен тартылып алынган мүлк дароо үчүнчү колго сатылып кетет.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, рейдерлер - бул көчөдөгү эле киши тоногучтардын бир түрү. Андыктан эң оболу рейдерчиликтин жайылышына сабатсыз коом өзү күнөөлүү:

- Элдин экономикалык жана юридикалык жактан сабатсыздыгы, мыйзамдардын сакталбашы рейдерликке алып келет. Рейдерлик деген жанагы көчөдөгү рекеттин эле бир түрү. Эгер эл өзү мыйзамдарды сактаса, сыйласа жана экономикалык жактан сабаттуу болушса, анда алар эч качан рейдерликке жол беришпейт. Ал эми жанагы жаңы кабыл алынып аткан мыйзам, бул айла кеткендеги оокат болуп атат.

Экономист Талант Кемеловдун пикиринде, ар бир ишкер өз бизнесин коргоо үчүн болушунча ак иштеп, бухгалтердик иштеринде ката кетирбөөгө аракет кылышса, ошончолук рейдерлердин тузагынан алыс болушат. Бирок бийлик бир колго топтолгон коомдо ири менчик ээлерине, аларды коргой турган мыйзамдар да жардам бербей калган учурлары кездешет.
XS
SM
MD
LG