Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Конституциялык Сот 21-январда президент сунуштаган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорун карап, жалпысынан аны колдоп берди. Бир гана, президент кызматын аткара албай калган чакта анын милдетин аткаруучуну Президенттик кеңеш тандай албайт, бул жерди оңдоо керек деген корутунду чыгарды. Талдоочулар божомолунда, бул жерде “эки коёнду бир ок менен аткан” саясат жүрүп кетти.

Учурда иштеп аткан баш мыйзамга ылайык, эгер президент кокустан өз кызматын аткара албай кала турган болсо, анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер ал да аткара албай калса, анда президенттин милдетин премьер-министр аркалап турат. Мындай учурда булар белгиленген мөөнөткө чейин, ыйгарым укуктары чектелүү шартта гана бул кызматта отуруп, президенттик шайлоонун калыс өтүшүн камсыздоосу керек. Ал эми ушундай жагдай түзүлгөн маалда президенттик шайлоо үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбей өткөрүлүшү шарт.
“Конституциялык Сот принципиалдуу орган экен” дедиртип, ага деле бир аз аброй, имидж берип коюш керек болду да. Бул жерде ошо эки коён бир ок менен атылып атат.
О.Молдалиев


Ал эми президент сунуштаган башмыйзамдын жаңы долбоорунда, мындай жагдай түзүлгөн маалда президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик Кеңеш көпчүлүк добуш менен тандай тургандыгы айтылган. Президенттик Кеңеш ошол эле өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, президенттик институттун жетекчилеринен куралмакчы. Демек анын курамына Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев баш болгон жетекчилер кирмекчи.

Конституциялык Соттун 21-январдагы чечими, президенттин жогорудагы пландарына эч кандай каршы келбейт. Тек гана “Президенттин милдетин аткаруучуну кеңешме орган болгон Президенттик Кеңеш тандай албайт, ал башкача тандалуусу керек” деген корутунду жасалды.

Белгилүү саясий серепчи Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Конституциялык соттун чечими техникалык гана кадам болуп, “президент милдетин аткара албай калса, анын милдетин жакындары гана аткарат” деген планга эч тоскоол болгон жок. Тек гана Конституциялык соттун кароосунда сунушталган документтен оркойгон каталар чыгып, аны оңдоо керек болуп калды. Анын үстүнө, Конституциялык соттун аброюн көтөрүп, аны эл алдында калп эле көз карандысыз кылып көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду:

- Бул жерде сунушту талкуулап атканда мүчүлүштүктөр болгонун сезишсе керек. Эми бул жерде оркоюп кала турган иш болуп атат да. Анткени конституцияда мындай нерсе жок. Ал эми жанагыдай өзгөртүүлөрдү киргизгенде ачык эле көрүнүп калат да, ак жип менен тигилгени.

Ошондуктан муну “бир аз жымсалдап жасоо керек” деген ой менен кайра келип аткандагысы. Экинчиден, “Конституциялык сот принципиалдуу орган экен” дедиртип, ага деле бир аз аброй, имидж берип коюш керек болду да. Бул жерде ошо эки коён бир ок менен атылып атат. Болбосо биз Конституциялык соттун ахбалын билебиз да. Эгер шайлоо быйыл өтөт дешсе, быйыл өтөт. Эмки жылы өтөт дешсе, эмки жылы өтөт. Анан “ушундай Конституциялык соттун кереги барбы” деген суроо келип чыгат да. Ошондуктан ушинтип анда-санда принципиалдуулук көрсөтүп туруш керек.


“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун пикиринде, Конституциялык сот туура чечим чыгарды. Депутаттын айтымында, баш мыйзамдын үчүнчү главасынын 52-беренеси ошол бойдон эле калса туура болмок:

- Конституциялык соттун чечими принципиалдуу болду деп эсептейм. Анткени “Президенттик кеңеш чечет” дегендин өзү туура эмес. Конституция боюнча кандай жазылса, ошондой болушу керек. Эгер президент болбой калса, премьер-министр же Жогорку Кеңештин төрагасы, ал да болбосо бийликтин өзүнүн иерархиясы бар да, ошонун негизинде кетиши керек.

Турмуштан сабак алалы деп атпайбызбы. Өткөндөгү революцияда көрдүк го. Президент менен премьер экөө тең качып кеткен. Жогорку Кеңеш да жок болгон ал убакта. Ошондой учурларга, турмуштун бардык шарттарына карата алдын-ала чара көрүп коюшубуз керек.


Эми президенттин мыйзамчы, юристтери баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоордун аталган беренесин кандайча оңдой турганын күтүү керек. Ага ылайык, президент милдетин аткара албай калса анын ыйгарым укуктарын аткаруучу адамды аты гана өзгөртүлгөн ошол эле Президенттик кеңеш тандап калуусу мүмкүн. Талдоочулардын божомолунда, эми кандай болгон күндө да мындай жагдай түзүлүп калса, “парламент төрагасы же премьер-министр президенттин милдетин аткарат” деген аныктамага кайтышпайт өндүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG