Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:26

Египеттин башкы муфтийи Али Жума мусулмандар массалык кыргын салчу куралдарды колдонбоого тийиш, андай куралды каршы жакты кол салуудан токтотуучу фактор ирети пайдаланса болот деген фатва чыгарган эле. Египеттик таанымал уламанын фатвасы мусулман дүйнөсү үчүн канчалык мааниге ээ?

Египет. Башмуфтийи атомдук бомбага каршы

Египеттин башмуфтийи мусулмандар ядролук бомбаны колдоно албайт деген фатва чыгарды июндун башында. Али Жума мындай фатванын зарылдыгын - массалык кыргын салчу куралды колдонуудан душманга катар мусулмандар да өлүшү мүмкүн түшүндүрдү. Египеттин маалымат булактарынын кабарлашынча, башмуфтий өз бүтүмүн басма беттеринде мусулмандарга кыргын салчу куралдарды колдонуу мүмкүн деген кабар пайда болгондон кийин жасады. Бирок өлкөдө ядролук куралы болсо, каршы тарапты кол салуудан айбыгтырчу фактор болот дейт Али Жума.

Таанымал улама мусулмандардын көңүл бурчу дагы бир сөздү айтты: мусулмандарга кырчылдаган согуш жүрүп жатса да карапайым элди өлтүрүүгө шарият жол бербейт.

Аятолла атомдук бомба жасоого уруксат берди

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад
Ирандык ирасмий адамдар да он жылдай илгери руханий көсөм аятолла Хаменейинин Ислам уруксат бербейт деп, “атомдук куралды өндүрүү, сактоо жана колдонууга” тыйуу салган фатва чыгарганын аарыбай айтып жүрүшкөн. Бул фатва, теги ирандык журналист Касра Нажи ( “Ahmadinejad. The secret history of Iran’s radical leader“) жазышынча, эч качан жарыяланган эмес. Ал эмес, 1979-жылкы ислам ыңкылабынан кийин мурдакы курулуп жаткан атомдук электр станциянын курулушу токтотулган. Анткен менен, президент Ахмадинежад 2006-жылы шиилердин ыйык шаары Мешхеддеги диний майрамда Иран ядролук державалардын катарына кошулганын жарыялаган. Иран президентти өлкө үчүн маанилүү маселелер боюнча ар кандай кадамын руханий көсөмдүн макулдугусуз жасабасын айтсак, аятолла Хоменейи атомдук куралды жасоого жол ачкан фатва чыгарып, өлкөнүн алаамат куралды жасоосуна мыйзамый жол ачкан болот.

Куран атомдук бомбага тыйуу салат...

Египеттин башмуфтийи менен Ирандын руханий көсөмдөрүнүн бир эле маселеге байланыштуу эки башка фатва чыгаруусу шариятка каршы келбейби? Суроого түшүндүрмө берүүнү сурап, италиялык таанымал ислам таануучу Жиованни Бенсиге кайрылганымда, ал мындай деди:

Живанни Бенси.
- Бул жерде Куранды түшүндүрүүнүн салты жөнүндө кеп жүрүүдө. Куран - бул ичтихад. Ичтихад сунниттер үчүн жабык, а шииттер үчүн ачык. Сунниттерде калыптанып калган шариат илимин түрдүүчө чечмелеп-түшүндүрүү жөнүндө сөз жүрөт. Бирок ядролук курал тууралуу бул фатва калыптанып калган салтка ылайык чыгарлыган деп ойлойм. Бул салт боюнча жихад - бул эң алды чабуулдан коргонуунун куралы. Куранда айтылган: “Эгер Сизге кол салышса, Сиз коргонуңуз.” Башка да теориялар бар. Анткени Исламда Христианчылыктан айрымаланып, жалпы журт үчүн бирдиктүү доктрина жок болгондуктан, жихаддын маанисин ар башкача түшүндүргөн фатвалар бар.


Бишкектеги Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов Египеттин башмуфтийинин атомдук куралды колдонууга тыйуу салган фатвасы мусулмандар үчүн чоң жаңылык эмес, себеби Куран адам түгүл тирүү жандыкты да өлтүрүүгө уруксат бербейт, дейт Нарматов:

- Шейх Али Жумаанын фатвасы бүгүнкү жаңылык нерсе эмес. Кереметүү Кураны керимде: “Кимде ким жандыкты же жандуу адамды өлтүрсө, бардык адамзатты өлтүргөндөй күнөөгө дуушар болот”. Ошондой эле, “Бир адам экинчи бир адамга жашоого же жашоосуна жардам берсе, бардык адамдарга жашоо бергендей соопко ээ болот” деген да аят бар Куранда. Ушул аятка таянсак, массалык кыруучу, атомдук, химиялык же биологиялык жана башка куралдарды колдонуп, адамдарды жок кылууга Кураны керим XIV кылым мурда эле тыйуу салган. Атомдук бомба бир адамды эмес, бир мамлекетти, бир муунду кырып жиберет. Ошон үчүн, Курандын аятына таянып, массалык кыргын салчу куралдар колдонулбасын деген пикирде. Динибиз да химиялык ж.б. куралдарга тыйуу салат.

Фатва улуттук чек арадан чыкпайт

Египеттин башмуфтийинин фатвасы, Жиованни Бенсинин пикиринче, кээ бир ислам өлкөлөрүндөгү, анын ичинде атомдук куралдуу деп ырасмий таанылган Пакистандын саясый доктринасына каршы келет. Серепчилер Исламабад кыйын кезеңде эзелки жоосу Индияга каршы алаамат куралды колдонуудан кайра тартпайт деп кооптонушат. Исламабаддын атомдук бомабага ишенип, айбат көрсөтүүсүн, Жиованни Бенси исламга эмес, саясый кызыкчылыкка тийиштүү фактор деп эсептейт:

- Бул жерде ислам жөнүндө кеп жок. Маселе, саясый кызыкчылыктарга жана саясатка байланышкан. Пакистан да, Индия да, атомдук куралдуу башка мамлекеттер да ядролук куралды коргонуу үчүн гана пайдаланышыбыз мүмкүн дешет. Ирандын президенти Ахмединежад Израилге каршы күч колдонусу мүмкүн экенин айтып жүрөт. Иран өзүнүн шииттердин лидери экенин дүйнөгө көрсөтүүгө кызыкдар. Менимче, ядролук куралы бар өлкөнүн анысын агрессивдүү максатта колдонбойбуз деп жарыялоосу саясый сыпаалыктын бир элементи. Ядролук куралды колдонууну диний жактан негиздөө теориясы - саясый билдирүү жасаганга караганда психологиялык жактан алда канча маанилүү.

Абдышүкүр Нарматов
Египеттин башкы муфтийин өкмөт дайындайт. Бирок Абдышүкүр Нарматовдун айтышынча, илимий даражасы боюнча ал - Асхар университетинин шейхи башмуфтийден жогору турат. Али Асхар - ислам дүйнөсүндөгү эң чоң жана абройлуу илимий борбор. Бирок Египетте калыптанган саясый тартип боюнча, өлүм жазасы сыяктуу соттордун катаал өкүмдөрү башмуфтийдин колу коюлмайынча, аткарылбайт.

Заман менен кошо фатва өзгөрөт

Ар бир мусулман өлкөсүнүн өз муфтийи бар болгондуктан, алардын Египеттин башмуфтийинин массалык кыргын салчу куралдарды колдонууга тыйуу салган фатвасын колдобой койуусу табигый иш, дейт Абдышүкүр Нарматов. Ал фатванын маанисин мындай түшүндүрдү:

- Шариятта фатва деген бир сүрөгө жооп берүү деген сөз. Сүрөөгө жооп берилгенде муфтийдин жеке пикирине эмес, Кураны керимдеги аятка, же Хадиске, же уламалар кеңешине - итмага таянып, жооп берилиши зарыл. Бул - ичтихад. Ичтихад деген сөз аракет кылып ошол аятка өз пикирин айттуу. Шарият боюнча, фатва коомдун, замандын өзгөргөнүнө карай өзгөрүп турат, жооп берүү да өзгөрөт. Эгер фативаны бардык уламалар бир добуштан колдобосо, башка уламалар ага карата өз пикирлерин айтууга укуктуу. Эгер фатва дүйнөлүк деңгээлдеги уламалар кеңешинде чыгарылса, ал башка маселе. Ошон үчүн, Саудиянын же Пакистандын аалымдары Египеттин башмуфтийи чыгарган фатвага карата терс пикирлерин айтса, анын эч эрөөнү жок.

Кандай болгондо Египеттей ислам өлкөсүнүн муфтийинин ядролук куралды кол салуу жана баскынчылык максатта колдонууга болбойт, массалык кыргын салчу бомба ар кандай курал сыяктуу эле коргонуу үчүн пайдаланылууга тийиш деген фатва чыгаруусу жакшы көрүнүш деп санайт италиялык ислам таануучу Жовани Бенси.

Азыр мусулман өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз Пакистанда гана ядролук куралы бар. Бирок Батыш өлкөлөрү Иран да атомдук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп шектенишет.

Маалымат үчүн: Жиованни Бенси - италиялык ислам таануучу ("ильм ул-Ислам"). Италиянын "Аввенире", ошондой эле Россиянын "Время новостей" жана "Независимая газетасы” менен иштешет.

Абдышүкүр Нарматов - Бишкектеги Ислам университетинин ректору. Каирдеги ал-Асхар университетин бүткөн. Ага дейре Ташкендеги Ислам университетинде жана Бишкектеги Ислам университетинде окуган

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG