Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Сокур ишенимдин коркунучу


Жаштар барган сайын диний ураандар менен көчөгө чыгышы мүмкүн

Жаштар барган сайын диний ураандар менен көчөгө чыгышы мүмкүн

“Кыргызстанда динге берилген жарды жаштар нааразылык акцияларына чыгышы мүмкүн. Алар акырындап саясатка кирип, чечим кабыл алууга таасир эте башташат”, - деп эсептейт кыргызстандык эксперт Кадыр Маликов.

Кыргызстанда Коопсуздук Кеңеш дин коопсуздугу боюнча концепцияны өткөн аптада кабыл алган. Дин боюнча серепчи Кадыр Маликов бул маселеге көңүл бөлүнүшүн кубаттады, бирок ошондогу президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусу натуура чечмеленип калышы ажеп эмес деп чочулап жатканын да жашырбады.

“Коопсуздук кенешинде президенттин сүйлөгөн сөзү туура эмес чечмеленип калбасын деп жатабыз. Анткени эгер андай болсо, өлкө башчысы оппонентерине күчкө таянуу менен гана таасир этет экен деген ой калышы мүмкүн. Бул куугунттуктоолорго алып келет”.

Дейт ислам боюнча серепчи Кадыр Маликов. 12-февралда Коопсуздук Кеңешинин отурумун алып барып жатып, президент Курманбек Бакиев Концепцияны улуттук кызыкчылыктарга төп келген документ катары баалады. “Биздин адамдарды ар кыл диний уюмдарга тартууга жол бербешибиз керек, - деди президент. - Биздин балдар мектепке карганда мечиттерге артыкчылык бергидей болбошу зарыл. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү буга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек”.

Кадыр Маликов азыр өлкөдө диний ахыбал коркунучта экенин айтат. “Бирок ошол коркунуч кайдан жана кимден чыгып жатканын, ага каршы кантип күрөшүүнүн жолун билбөөнүн өзү – чоң коркунуч жаратат”, - деп айтты ал.

“Азыркы глобалдык каржы капсалаңы 2009-жылы саясий системалардын кризисин да жаратат. Эгер батышта жаштар социалдык акыйкаттуулук үчүн нааразычылыкка чыкса, Кыргызстанда жарды жаштар катмарынын нааразычылыгы диндин айынан чыгышы мүмкүн. Андыктан президент өзү белгилегендей, мамлекет алдында улуттук масштабда чечүүчү оңой эмес милдеттер турат”, - дейт аналитик Кадыр Маликов.

Анткен менен ислам боюнча дагы бир адис Орозбек Молдалиев диний негизде өлкөдө ачык нааразычылык болот дегенге анча ишенбейт. “Экстремисттер кырдаалды курчутууга аракет жасашы мүмкүн, бирок бул диндин айынан болбойт”, - деди ал.

Мамлекеттик коопсуздукту камсыздоодо реалдуу коркунучтарга каршы аракет-чараларды колдонуш керек. Бирок, эксперттин пикиринде, Кыргызстандын акыркы чечимдери буга төп келбегендей.

“Терроризмге каршы глобалдык күрөшкө базаны берип коюп эле салымыбызды кошуп аттык эле. Эми аны чыгаргандан кийин муну эл аралык коомчулук кандай түшүнөт деген жагы бар да. Концепциянын кабыл алынышы да дал ушул базанын чыгарыла турган мезгилине туш келип калганы кызык...”

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG