Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

ЧЕХТЕР ЭКИ ОТТУН ОРТОСУНДА КАЛГАНДАН КОРКУШАТ


Польшага жана Чехияга антиракеталык системанын айрым бөлүктөрүн жайгаштыруу жөнүндөгү АКШнын планы Вашингтон менен Москванын ортосунда кер-мур кеткен кептерди пайда кылды. Чехия менен Польшада да бул маселе коомчулук арасында кооптонууларды жаратты.

Чехтердин көбү кокус мурдагы атаандаш эки державанын жаңы жаңжалы тутанса, анын ортосунда калбагай элек деп кооптонушат экен. Муну Праганын борбордук аянтында өткөрүлгөн митингдеги маанай көрсөттү. Ага катышкандардын бири: “Россия эмне кааласа,ошону айта берсин. Бирок АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс айткандай, Чехия көз карандысыз өлкө, андыктан тарыхыбыз кандай болот, муну биз өзүбүз чечишибиз керек”,- деп билдирди.

“Менимче, Чехияда радар болбошу керек, анткени ал иш жүзүндө биздин коопсуздугубузга коркунуч түзөт. Мындай иштер дүйнөдө болуп жатпайбы, биз да ошондой коркунучта калышыбыз мүмкүн”,- дейт прагалык аял.

Митингдин дагы бир катышуучусу Россия сөз жүзүндө гана каяша кылып жатканын, иш жүзүндө ал АКШга же Европанын кайсы бир бөлүгүнө каршы согуш ачпай турганын билдирсе, төртүнчү бир митингчи бул анчейин эле бир маселе эместигин, Чехиянын коопсуздугуна биресе жакшы болорун, ошол эле учурда ал чоң проблема да экенин моюнга алып, эң жакшысы - референдум өткөрүлсө,ошондо эл мунун жакшы же жаман экенин аныктайт эле деп кошумчалады.

АКШ Чехияга радар станциясын,Польшага 10 ракета жайгаштырууну сунуш кылган эле. Америкалыктар мунун баары Ирандын келечекте мүмкүн болчу ракеталык соккуларынан коргонуу үчүн керек дешет. Россия болсо мындан батыш фронтуна мурдагыдай эле аскери күч топтоп жаткан бир тараптуу агрессияны көрүп, зарыл болсо ага өзүнүн ядролук арсеналын каршы коерун эскертти.

Чехиялык айрым чиновниктер болсо АКШнын планын пайдалуу деп эсептешет. Президент Вацлав Клаустун кеңешчиси Иржи Пэйн Чехия НАТОго кошулганда бул проблема менен арпалышып көргөнүн, 70 беттей доклад жазып, президент Гавелге, башка саясий ишмерлерге кайрылганын айтып, өлкөнүн талуу жери – ракеталык соккудан коргонгонго жетерлик көңүл бурулбай калганында экенин, ошол кенемтени АКШнын планы менен толтурса болорун белгиледи.

Бирок, бул план башка чөлкөмдөрдө,анын ичинде радар станциясы орнотулат деп болжолдонуп жаткан Трокавес кыштагындагы жыйында анчейин колдоо тапкан жок. Оппозициядагы социал-демократтар да буга каршы экенин айтышты. Алардын өкүлү Любомир Заоралек долбоору кандай коркунучтарга каршы багытталып жатканы анчейин так эмес деп эсептейт. Түндүк Кореянын же Ирандын ракеталары Европага, АКШга коркунуч туудурушу мүмкүн деген идея ишенте албайт. Андыктан долбоордун максаты так айтылып, таасын аныкталып, муну тийиштүү өлкөлөрдүн лидерлери талкуулап чыгышы зарыл, дейт социал-демократтардын өкүлү.

Чехия менен Польшанын өкмөттөрү АКШнын бул планына келерки жылдын жазына чейин ак же көк деген позициясын билдириши керек.

XS
SM
MD
LG