Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Түндүк Осетия жумуриятынын борбору Владикавказда базардагы катуу жардыруудан кеминде 17 киши набыт болуп, 100дөн ашууну, анын ичинде балдар жарадар болду. Кандуу окуя террордук кол салуу катары бааланып, кылмышка шектүү 3 адам кармалганы маалымдалды.

Орусия жетекчилиги жардырууну айыптап, Кремл Владикавказда жабыр тарткандардын үй-бүлөсүнө 1 миллион рубл жөлөк пул бөлө тургандыгы кабарланды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча жанкечти жардыргыч зат менен толтурулган “Волга” унааны шаардын борбордук базарына айдап кирген. Расмий маалыматта жардыруу базардын кире беришинде болуп, жарылуунун күчү 30-40 кг тротил деп бааланууда. Түндүк Осетиянын президенти Таймураз Мамсуров машинеден башы жок өлүк табылганын, ал бомба жардырган жанкечтинин сөөгү болушу мүмкүн экендигин билдирди. Коңшу Ингушетиянын номердик белгиси тагылган жарылган унаанын ичинде Арчиев, ал эми унаанын ээси Добриев деген адамдар экендиги аныкталгандыгы айтылууда.

Владикавказда базардагы жардыруудан кийин кара түтүн асманда уюду
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 11ден 20 мүнөт өткөндө болгон жардырууну видеого тартып калгандар да болгон. Видеотасмада канга боелуп ар кай жерде жаткан денелерди жана жарадарларды колуна көтөргөн өң-алеттен кеткен дарыгерлер көрүнөт. Дагы бир жардырууга даярдалган бомба базардын кире беришинен табылган.

Түндүк Осетиянын жетекчилери менен уюшулган видео конференцияда Орусия президенти Д.Медведев «Бул окуя бандиттердин кылмыштуу аракеттерин көрсөтөт. Алар менен кеп-сөзгө келүүгө жол жок» деп айтып, жапа чеккендерге материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү биринчи зарылчылык экендигин белгиледи.

Премьер-министр Владимир Путин да жардырууну айыптап, Орусиядагы Мусулмандар башкармылыгы менен жолугууда «Мусулмандар мындай экстремисттерге кандай мамиледе экендигин билем. Биз мусулмандардын колдоосун, айрыкча Түндүк Кавказда сезип-көрүп турабыз. Биз ага ыраазыбыз жана башка түшкөн кыйынчылыктарды бирге жеңебиз деп ойлойм», деп айтты.

Жардыруудан жабырлангандар
Орусиянын башкы муфтийи Равил Гайнутдин Орозо айтка чогулган жерде туруп бардык дин өкүлдөрүн террорчулукка каршы турууга чакырды «Биз тынчтыкты сактообуз керек. Каргашага каршы күрөшүүбүз керек. Эч качан кан төгүлүп, бейкүнөө адамдар өлбөсүн. Муну динге ишенген адамдар угат, ал эми чиркөө-мечитке келбегендер, дин жолунан тайгандар гана динге, жалпы коомго душман болуп чыгат».

Соңку кездеги Түндүк Кавказдагы абал – экстремисттик топтордун үзүлбөгөн дүрбөлөңү, кандуу кармаштар Кремлдин чоң тынсыздануусун пайда кылып келет. 4-сентябрда Дагестанда дагы бир жанкечти орустардын аскерий базасына чабуул коюуп, бери дегенде беш киши көз жумган, ага чейин дагестандык жергиликтүү аткаминер өлтүрүлгөн.

Ал эми бир катар жергиликтүү бийликтер чөлкөмдөгү калктын өтө жакыр турмушу менен орустардын коопсуздук күчтөрүнүн ырайымсыз аракеттери ар кыл нааразылыктын өзөгү экендигин айтышат.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG