Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Пиротехникалык каражаттарды базарда сатууга тыюу салынды


Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция базарларда пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салды. Аталган мекеме киргизген эржеге ылайык, жаңы жылда колдонула турган жардыргыч оюнчуктар өрт коопсуздугу сакталган соода жайларында гана сатылууга тийиш. Ошондой эле пиротехника менен соода кылууга Ички иштер министрлигинен уруксат кагаз алынышы шарт.

Инспекция базар жетекчилерине талаптар боюнча маалымдама жөнөтүлүп жатканын маалымдады. Эреже бузган жеке кишилерге 500дөн 1000 сомго чейин, жооптуу кызматтагыларга 1-1,5 миң сом, юридикалык жактарга 10 минден 50 миң сомго чейин айыппул салынат. (SE)

XS
SM
MD
LG