Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Чеченстанда согуш бүттүбү?


Премьер-министр Владимир Путин менен чечендердин москвачыл президенти Рамзан Кадыров 20-мартта Ново-Огареводо жолугушкан эле.
Премьер-министр Владимир Путин менен чечендердин москвачыл президенти Рамзан Кадыров 20-мартта Ново-Огареводо жолугушкан эле.

Шаршемби күнү чечен президенти республикада он жылдан бери жүрүп жаткан контртеррордук операция ушул айдын этегинде бүтөт деп билдирген эле. Москвадагы ырасмий өкүлдөр да маселе азыр каралып жатканын ырасташты.

Айтымда, бул идеяны чечендердин москвачыл президенти Рамзан Кадыров сунуш кылып, ал Москвада колдоо тапкан.Бери эле дегенде Мамдуманын спикери Борис Грызлов Улуттук антитеррор комитетине ушундай сунуш түшкөнүн, азыр маселе каралып жатканын ырастады.

Муну Интерфакс агенттигине Кремлдеги булактар да тастыкташты, бирок Чеченстандагы контртеррордук операциялар мобул күнү бүтөт деп так айта алышкан жок.

Алардан бир күн мурда чечен президенти Кадыров операция ырасмий түрдө ушул айдын этегинде токтотуларын айткан эле.

”Терроризмди жана экстремизмди толук жойдук. Азыр бандиттердин үркөрдөй тобу гана калды,алар бирде бизге,бирде коңшулаш аймактарга тие качып жүрүшөт. Бирок алар эч кандай коркунуч туудура албайт, жакын арада толук талкаланат. Биз республикада экономикалык жана саясий жаңы турмуш куруп жатабыз,эл бандиттерди таптакыр унутуп калды. Эң башкысы – ушунда”,-деп айтты Кадыров.

Москвадагы Карнеги борборунун илимий кеңешинин мүчөсү Алексей Малашенко мындай кадамга Москваны азыркы кризис кыстаган болуу керек деп болжолдоду.

”Менимче, бу жерде акча проблемасы чечүүчү ролду ойноду окшойт. Экономикалык кризис кычап туру, куралдуу күчтөрдү финансылоо маселеси күн тартибине коюлду, анан эле капыстан террорго каршы операцияларды тамам кылуу тууралуу сөз кыла башташты. Бу барып-келип эле финансылык кысталыштан чыкты сыяктанат. Эң кызыгы - эми мындан ары эмне болот, мына ушул маселеде турат”,-деп айтты Малашенко “Азаттыкка”.

Өткөн аптада Кадыров Москвада премьер Владимир Путин менен жолугуп, коопсуздук жана башка маселелерди талкуулаган эле. Антитеррордук операциялар аяктады деп жарыялоо жөнүндөгү идея ошо сүйлөшүүлөр учурунда жаралган шекилди.

Путин президент кезинде 2006-жылы да “контртеррордук операциялар” бүткөнү тууралуу айтканы бар. Бирок республикадагы 50 миңдүү контингент кыскартылган эмес. Эми анын 20 миңи чыгарылышы ыктымал дешет.

“Түндүк Кавказ” гезитинин кабарчысы Руслан Мартагов федералдык күчтөрдүн чыгарылышы менен эле Чеченстандагы жаңжал бүтпөй турганын эскертти. “Адегенде ал жерде эркин шайлоо өткөрүлүшү керек. Азыр козголоңчулар Кремл дайындаган өкмөт менен күрөшүп жатат”. Кокус бу жерде кайрадан куралдуу кагылыш тутанса,ал жалпы Түндүк Кавказга жайылып, ”үчүнчү чечен согушуна” айланышы мүмкүн.

Жакында эле Грозныйдан кайтып келген журналист Иван Сухов республикадагы кырдаал мындан бир нече жылдагыга караганда чын эле жакшырганын ырастады. Анын айтымында, операцияларды аяктаганга толук шарт бар.

Козголоңчулардын өкүлү болсо күрөш улантыла турганын билдирди. “Алар бизге каршы операцияларды өткөрүп жатканын айтышат. Андай эмес, биз аларга каршы операция өткөрүп жатабыз. Кавказда шариат орнотмоюнча биз каршылык көрсөтүүнү токтото албайбыз”,-деп айтты чечен козголоңчусу.

XS
SM
MD
LG