Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Чечен парламентине жапырык жасалды


Грозный -- Атайын күчтөр чечен парламенти алдында.
Грозный -- Атайын күчтөр чечен парламенти алдында.

Грозныйда шейшемби күнү куралдуу топ чечен парламентине жапырык жасады. Айрым маалыматтарда козголоңчулардын колунан эки милиционер, имараттын чарба башчысы өлгөнү, он жетидей киши жарадар болгону айтылды.

Тергөө комитетинин республикалык башкармалыгынын өкүлү бул маалыматтарды ырастады, жарадар болгондор арасында алты милиционер бар экенин кошумчалады.

Жапырык жасагандардын тилеги таш капты

Рашид Нургалиев, орус ички иштер министри, Грозный, 19-октябрь.

Окуянын чоо-жайын Грозныйда жүргөн ички иштер министри Рашид Нургалиев маалымдап: "Бүгүн эрте менен саат сегизден кырк беш мүнөт өткөндө козголоңчулар парламенттин имаратына жапырык салып киргенге аракет кылышты, бирок адаттагыдай эле бул жолу да алардын аракети оңунан чыккан жок. Ички иштер органдарында иштеген кызматкерлер алардын жолун буушту, натыйжада кол салгандар жок кылынды", -деп билдирди.

Тергөө комитетинен алынган маалыматтарга караганда, өкмөттүк мекемелер жайгашкан имараттардын короосуна үч террорчу өтүп кеткен. Алардын бири парламент имаратынын алдында өзүн жардырып жиберген. Калган экөө биринчи кабатты баанелеп алып, жаалдана каршылык көрсөткөн. Айгышкан атышта экөө тең жер жазданды.


Террорчулар жарым саатка жетпей жок кылынды

Чечен президенти Рамзан Кадыров террорчулар жыйырма мүнөт ичинде тыйпыл кылынганын, депутаттардын эч кимиси жапа чекпегенин ырастады.
Чечен президенти Рамзан Кадыров террорчулар жыйырма мүнөт ичинде тыйпыл кылынганын билдирди

Ушу тапта Чеченстанда жүргөн Свердов областынын делегация мүчөсү Игор Данилов козголоңчулар кол саалган маалда парламентте отурган экен. "Капыстан эле парламентти автоматтан аткылап киришти, - деп айтты ал "Азаттыктын" кабарчысына. – Күзөттө тургандар аларга дароо жооп кайтарып, айыгышкан уруш башталды. Биз да капыл-тапыл бөлмөлөрдөн дализге чыгып, терезеден окчун жерде чогулуп турдук. Көп өтпөй ОМОН келип, бизди коопсуз жайга алып кетти".

Бийликтер бул окуяны ийгиликтүү операциялардын бири таризде көрсөткөнгө ашыгышты. Министр Нургалиев жергиликтүү милиция күчтөрүнүн ыкчам аракетин ыраазы боло белгилеп, буга окшогон иштер Чеченстанда "өтө сейрек болорун", республикада абал "стабилдүү жана коопсуз" экенин баса бөлүп көрсөттү.

Чечен эксперти Тимур Музаев бүгүнкү окуяны Түндүк Кавказдагы, айрыкча Чеченстандагы россиячыл бийликтерге каршы күрөштөгү козголоңчулардын күчүн, таасирин жана жөндөмүн эл көзүнө көрсөтүүнү көздөгөн операция катары сыпаттады.

"Грозныйдан алынган алгачкы кабарларга караганда, операцияны уюштургандар депутаттарды барымталап алып, федералдык бийликтерге же Кадыровдун өкмөтүнө саясий маанидеги талаптарды коймок болушкан",-дейт Музаев.

Кремл түндүк Кавказда, айрыкча Чеченстанда козголоңчулардын каршылыгы басылганын дамамат айтып келатканы менен куралдуу кагылыштар али сейрек тарта элек. Быйыл августта эле Кадыровдун коопсуздук кызматкерлери менен козголоңчулар кагылыша кетип, он эки киши окко учту. Дагестан менен Ингушетияда да жагдай морт жана кооптуу бойдон калды.

XS
SM
MD
LG