Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Беларуста оппозициячыл лидер бошотулду


Николай Статкевич
Николай Статкевич

Беларуста үч күн бою дайынсыз кеткен оппозициячыл лидер Николай Статкевич үйүнө кайтты. Аны коопсуздук кызматы кармап, кайра бошоткону белгилүү болду. Статкевич 25-мартта оппозициянын "Эркиндик күнү" аттуу жылдык жүрүшүнүн алдында кабарсыз кеткен. Ал камоолорго карабастан коомдук акцияларды өткөрө берерин дүйшөмбүдө журналисттерге айтты.

Өткөн ишемби күнү оппозициянын митинги учурунда полиция жүздөгөн адамдарды кармаган. Андан көп өтпөй Минсктин бир катар аймактарында издөө иштерин жүргүзгөн. Полиция жекшемби күнү да активисттердин митингге чогулуусуна жол берген жок.

Беларуста 1918-жылдагы республиканын түзүлгөн күнүнө карата жыл сайын "Эркиндик күнү" белгиленет. Быйыл бул күн “бекерпоздор салыгы” деп атаган мыйзамга каршы нааразылык акциялары жүрүп жаткан учурга туш келди. Президент Александр Лукашенко митингдерге сырткы күчтөр шыкак берди деп, жагдайды жөнгө салаарын айткан.

XS
SM
MD
LG