Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Болгарияда батышчыл партия жеңишке жетти


Болгариядагы шайлоо.
Болгариядагы шайлоо.

Болгарияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо орусиячыл социалисттер утулуп, мурдагы премьер-министр Бойко Борисов жетектеген батышчыл партия жеңишке жетишти.

27-мартта жарыяланган жыйынтыктарга ылайык, Борисовдун ГЕРБ партиясы добуштардын 32,5 пайызын, Социалисттер партиясы 26,8 пайызына ээ болду. Дагы эки партия тогуз пайыздын тегерегинде добуш алды. Эми Борисов коалициялык көпчүлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү баштамакчы.

"Өкмөт тынч сүйлөшүүлөрдөн кийин тез арада куралат деп ишенем. Азыркы эл аралык кыйын кырдаалда бул өкмөт өлкөнүн ичиндегилердин да, сыртындагылардын да үмүтүн акташы керек",-деди Борисов.

Бул шайлоо Евробиримдик менен НАТОго мүчө өлкөнүн келечектеги багытын көрсөткөн окуя болуп калды. Себеби жеңүүчү партия Батыш менен алаканы бекемдөөнү, социалисттер болсо Москва менен мамилени жакшыртууну көздөп келген. Бирок эксперттер Болгария экономикалык жактан Орусияга көз каранды болгондуктан жаңы өкмөткө Чыгыш менен Батыштын ортосунда кылдат саясат жүргүзүшү керек болот дешет.

XS
SM
MD
LG