Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Түштүк Корея: Пак Кын Хени камоо өтүнүчү келтирилди


Пак Кын Хе
Пак Кын Хе

Түштүк Кореянын прокурорлору кызматтан четтетилген президент Пак Кын Хени камакка алууну соттон өтүнүштү. Алардын 27-марттагы билдирүүсүндө "мурдагы президент пара алуу үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деп айтылат.

Сеулдун Борбордук райондук соту Пак Кын Хени суракка алгандан кийин анын баш коргоо чарасын чечет деп күтүлүүдө. Пак айым Түштүк Кореянын демократиялык жол менен шайланып, импичмент аркылуу кызматтан кеткен биринчи президенти болуп калды. 65 жаштагы мурдагы президентке өкмөттүн маалыматтарын ачыкка чыгарган, пара алган деген айыптар коюлууда.

Президентке импичмент жарыялоого анын жакын досу жана кеңешчиси Чхве Сун Силдин аракеттери себеп болду. Президенттин курбусу "Самсунг" өңдүү ири корпорациялардан өзүнүн кайрымдуулук фонддоруна миллиондогон долларлык каражат өндүргөн деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG