Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Ошто 45 метрлик флагшток тургузулду


Оштогу флагшток
Оштогу флагшток

Оштун Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын жол айлампасына 45 метрлик флагшток орнотулду. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз байрагы илинген тарыхый-мемориалдык комплекстин аянты 80 чарчы метрди түзөт.

Флагштоктун жалпы бийиктиги 45 метр болсо, туунун узуну 12 метр, туурасы 9 метрге жетет. Флагштоктун пайдубалынын төрт тарабына кыргыздын көрүнуктүү мамлекеттик ишмерлери Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов жана Насирдин Исановдун сүрөттөрү түшүрүлгөн монумент коюлган.

Комплекстин курулушун ишкер Имамидин Ташов каржылаган. Ушундай эле комплекс буга чейин Балыкчыда курулган, кийинкиси Нарын облусунда курулат. (UEz)

XS
SM
MD
LG