Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Орус фашизми ооздуктала элек


Никита Тихонов алгачкы сурактарда адвокат Маркелов менен журналист Бабурованы атып өлтүргөнүн моюнга алган, бирок жаңы жыл алдындагы сотто кылмышын танып, тергөөчүлөрдүн кысмагынан улам ушундай көрсөтмө бергем деп билдирди.
Никита Тихонов алгачкы сурактарда адвокат Маркелов менен журналист Бабурованы атып өлтүргөнүн моюнга алган, бирок жаңы жыл алдындагы сотто кылмышын танып, тергөөчүлөрдүн кысмагынан улам ушундай көрсөтмө бергем деп билдирди.

Москвада кечээ укук коргоочулар туптуура бир жыл мурда киши колдуу болушкан адвокат Станислав Маркелов менен кабарчы Анастасия Бабурованы эки жерде пикет өткөрүп эскеришти. Маркумдарды жыйынга келген активисттер орус фашизминин курмандыктары деп аташты.

Адвокат Маркелов чечен согушунда азап-тозокко түшкөндөрдүн, бандиттердин огунан набыт болгондордун укуктарын коргогон таанымал юристтердин бири эле. Ал эми Бабурова болсо оппозициячыл маанайдагы "Новая газетага" жаңы эле кызматка орношуп, негизинен экологиялык темаларды жазып жүргөн. Экөө былтыр 19-январда кезектеги маалымат жыйынынан кайтып келаткан жолдо ким бирөө арттан келип Маркеловду желкеге аткан. Бабурова кандымоюнга асылып, аны кармаганга аракет кылганда аны да атып салган.

Тергөөчүлөр кылмыштын изине түшүп, Никита Тихонов деген жигитти, анын ырасмий никеге тура элек колуктусу Евгения Хасисти кармашкан. Экөө тең "Орус жолойу" деп аталган кыймылдын мүчөсү экени аныкталган.

"Орус жолойчуларын" башкы прокуратура "Славяндар союзу", "Улутчул-социалисттик коом", "Түндүк боордоштугу","Легалсыз иммиграцияга каршы күрөш" өңдүү кыймылдар менен бирге ултраоңчул экстремисттик топторго кошуп жүрөт. Мамдуманын мурдагы орунбасар спикери Сергей Бабуринди - "орус жолойчуларынын", экс-депутат, азыр Иркутскидеги университеттин ректору Николай Куряновичти - "славян союздаштарынын" башкы идеологдору дешет.

Тихонов адегенде кылмышын моюнга алган, бирок кийин бардык көрсөтмөлөрүн танып, муну тергөөчүлөр кысмактап жасаткан деп ырастай баштады.

Анастасия Бабурованын Украинада жашаган ата-энеси адегенде аны Маркеловдун айынан бөөдө жайран болду деп бүтүм жасашкан. Эми болсо таптакыр башкача ойго келишти.

"Бул каргашага чейин Россияда эмне болуп жатканын биз дегеле билчү эмеспиз. Акыркы бир жылдан кийин көп нерсеге көзүбүз ачылып, айныбай ишене баштадык, - деп айтты "Азаттыкка" Эдуард Бабуров. - Россияда фашизм жайылып, ушунчалык тамырлап кеткенин көрүп, эсибизди жыйа албай отурабыз. Бул процесс ооздукталбас абалга жетип калгандай, мамлекет эчтеме кылалбайт окшойт. Нацизм менен фашизм идеологиясы төмөнтөн төбөгө чейин жетип калыптыр. Алардын өкүлдөрү мамлекеттик ар түрдүү мекемелерде, Думада, бардык жерде отурушат".

Укук коргоочу "Сова" аттуу борбордун таанымал жана абройлуу эксперти Галина Кожевникова оңчул экстремизмге каршы орус коомчулугу кадимкидей козголуп копшоло баштаганын, коопсуздук органдары да бир топ иштерди жасап жатканын, бирок баары бир ашынган улутчул топтордун мизи майтарыла электигин эскертти.

"Ултраоңчулдар мамлекетке каршы ачыктан-ачык террорго өтүштү, алар өлкөдөгү жалпы абалды будуң-чаңга салып, жапырт тапалаңга түшүрүүнү, ушундай шартта аскерий төңкөрүш жасоону көздөп калышты, маселе мына ушунда турат",- дейт Кожевникова.

Ултраоңчулдардын террордук тактикасын сыпаттап, Кожевникова: "Алар мамлекеттик органдарга кол салып эле тим калбастан, антифашистчил активисттерди коркутуп, өлтүрүп жатышат. Бабурова менен Маркелов алардын кезектеги курмандыгы болушту, былтыр андан башка да жаман иштер болду, алардын ичинде бизди да бир нече ирет коркутуп, опузалашты", -деп билдирди.

Лариса Бабурова россиялык активисттердин фашистчил күчтөргө каршы аракеттерин колдоп, ошол эле учурда аларды сак болууга чакырды. "Нааразылык билдирүү керек, албетте, бирок кеңири колдоо жок болуп турган кезде алар өздөрүнө да этиет болушсун".

"Биз башка өлкөдө жашайбыз, орус өкмөтүн жөн жерден эле айыптай бергибиз келбейт, ошентсе да өлкөдө нацистчил 141 топ жана жарым миллионго чукул фашисттер бар экени бейпайга салбай койбойт", - дейт Лариса Бабурова.

XS
SM
MD
LG