Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Женевада Россия менен Грузиянын, Түштүк Осетия менен Абхазиянын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүлөр аяктады. Арачылар анын жыйынтыгын жетишкендик катары баалашты. Байкоочулар болсо жаңы жаңжалдар чыгып кетиши ыктымал дешет.

Женевадагы сүйлөшүүлөр эки күнгө созулду. Ага Евросоюздун, Улуттар Уюмунун,Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү арачылык кылышты.

Эсеби жагынан бул сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы болду. Былтыр октябрдагы жолугушууда орус жана грузин делегациялары бир үстөлгө отургандан баш тартышып, жыйын башталбай жатып жыдып калган эле.

Евросоюздун атайын өкүлү Пьер Морел бул жолку жолугушууда тараптар келечекте куралдуу кагылыштарга жол койбоо механизмдерин макулдашканын, бул максатта аптасына бир ирет кеңешме өткөрүп, коопсуздукка коркунуч түзгөн шарт-жагдайларды талкуулап турууну чечишкенин маалымдады. Муну ал “маанилүү кадам” деп атады.

Россиянын тышкы иштер министринин орунбасары Григорий Красин тараптар макулдашкан текст тек гана “кеңеш берүү мүнөзүндөгү” документ экенин, бирок саясий мааниде алганда “позитивдүү башталышты билдире турганын” белгиледи.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атайын өкүлү Харалампос Христопулос да кабыл алынган документти кубаттап, анда Грузиянын жаңжалдуу аймактарында коопсуздукту чыңдоонун жумушчу механизмдери аныкталды деген көз карашын билдирди.

Айрым байкоочулар региондогу кырдаал дале кыл учунда турат дешет. Бир жагынан орус-грузин, экинчи жактан грузин-абхаз, түштүк осетин-грузин мамилелери баштагыдай абалына келгенче дагы ондогон жылдар керек болот. Саясий алакалар да калыбына келе элек.

Россиялык эксперт Павел Фелгенхауер жаңы жаңжалдардын тутанышына тамызгы болор бир нече факторлорду атады. Баарыдан мурда Грузияда Михаил Саакашвилинин бийликте турганы, бул өлкөнү НАТО өзүнө мүчө кылып алганга мүдөөлөнүп жатканы Россияга жакпайт. Бу жерде башка да бир жагдай бар. Армениядагы орус аскерлери туш тараптан кесилип калган. Аларга жарак-жабдык, азык-түлүк жеткире турган жолдордун баары тосук, аскер техникаларын чыгарганга же киргизгенге мүмкүндүк жок. Мунун баарын жалаң аба каттамдары аркылуу гана жасоого туура келет. Мындай абал узакка созула албайт.

Эң опурталы – чек араларда мурдагыдай эле эки тараптын тең тукурукчул аракеттери, ок атышмай, кагылышмай тыйыла элек, булар басылбаса, бир күн барып куралдуу кагылыш чыгып кетиши ажеп эмес.

Уруш тутанып кетеби деп кооптонушканын жекече аңгемелеше келгенде Тбилисидеги чет элдик дипломаттар да жашырышпайт. Бирок муну Грузиянын ырасмий өкүлдөрү четке кагышат.

“Орустардын агрессиясы жана биздин аймактарды басып алганы коопсуздук кырдаалына терс таасирин тийгизип жатканы калетсиз, -дейт Грузиянын коргоо министри Васил Сихарулидзе. – Буга карабастан куралдуу күчтөрүбүз, грузин мамлекети өлкөнү өнүктүрүү багытында күч-аракетин күчөтүүдө. Ошол эле учурда россиялыктардын ар кандай агрессиясын майтарганга биз даяр турушубуз керек”.
XS
SM
MD
LG