Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Ырасмий чиркөөнүн ыбасы


Орус патриархы Кирилл православ динаятчысы Сысоевдин табытына таат түшүрүп жатат.
Орус патриархы Кирилл православ динаятчысы Сысоевдин табытына таат түшүрүп жатат.

Москвада белгилүү динаятчы-миссионерди акыркы сапарга узатышты. Бир канча миң диндарлар катышкан жөрөлгөдө орус патриархы Кирилл чиркөө өкүлдөрүнө кыянат кылып, алардын өмүрүн кыйгандарды кудайдын кусаматчылары деп атады.

Өткөн бейшембиде Москвадагы Апостол Фома чиркөөсүнүн жетекчиси Даниил Сысоевди түз эле испараскананын өзүндө,табынганы келген ыкыласмандардын көзүнчө белгисиз бирөө атып кеткен эле. Тергөө мекемелери бул ишти Сысоевдин "тоталитардык секталар менен келишкис мамилесине жана диний үгүтчүлүк ишине" байланыштырып жатышат.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Владимир Маркин алгачкы дастаниянын жүрүшүндө топтолгон танык-далилдерге таянып, Сысоевди ким бирөөлөр мурдатан эле диний ишмердиги үчүн эскертип, кекетип келишкенин белгиледи.

Дүйшөмбү күнү Сысоевдин сөөгү жерге берилди. Аны менен коштошкону бир нече миң киши келди. Орус патриархы Кирилл динаятчынын табытына кыскача таат түшүрүп, коштошуу жыйынына келгендерге кайрылып, ибаарат айтты.

Отец Даниил жараткандын жарлыгын ташбыйкат кылуу үчүн көп иштерди жасаганын, талкуу-талаштарга катышып, кудай жолун коргогонун эске салып: "Эгер жараткандын ыйык сөзү үчүн адамдын өмүрүн кыйып жатса, анда бул акыйкат аны кабыл албагандардын куйкасын куруштуруп жатканын билдирет. Анда жараткан эгенин акыйкаты эбегейсиз күчкө ээ экенин көрсөтөт",-деп айтты орус патриархы.

Сысоев Иегов күбөлөрүн жана башка майда-барат диний топторду православ чиркөөсүнүн душмандары катары такай сынга алып, аларды "тоталитардык секталар" деп атаган. Ал эми исламды православтардын көз карашынан алганда дегеле дин эмес деп ырастаган.

"Мусулмандар менен көп учурда биз эки дүлөй сүйлөшкөнүндөй эле абалда калабыз. Биз бирди айтсак, алар башканы айтат. Бир бирибизди таптакыр түшүнө албайбыз, анткени биз бир эле сөзгө ар башка маани беребиз",- деп айткан Сысоев интернеттеги ибаарат сөздөрүнүн биринде.

Россиядагы мусулмандар муфтияты Сысоевдин исламга итатайы тутулган динаятчы болгонуна карабай аны атып кеткен кылмышкерди жана анын артында тургандарды кескин айыптады.

Акыркы жыйырма жыл ичинде Россияда православ чиркөөсү чоң күчкө айлана баштады. Орустардын мурдагы жана азыркы патриархтары Кремл жетекчилери менен көп жолугат, алардын колдоосун алып турат. Православ чиркөөсүнүн саясий таасири жана ролу өсүп баратканынан улам байкоочулар аны ырасмий мамлекеттик чиркөө катары карай башташты.

Укук коргоочу уюмдар болсо православ чиркөөсүн башка диндерди, диний агымдарды өгөйлөп, аларга ыба карабаганы, өлкөнүн секулярдык принципбин бузуп жатканы үчүн сынга алып жүрүшөт.

Патриарх Кирилл өзү чиркөө башчысы боло электе эле адам укуктарын "диний жана улуттук урк-насилдерге иритме салган концепция" катары сындап келген.

XS
SM
MD
LG