Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Орус милициясы оңолбойт...


Москва -- Москвадагы Царицино райондук милициянын мурдагы жетекчиси Денис Евсюков шаардык соттогу биринчи процесс учурунда.
Москва -- Москвадагы Царицино райондук милициянын мурдагы жетекчиси Денис Евсюков шаардык соттогу биринчи процесс учурунда.

Өткөн жылдын этегинде президент Дмитрий Медведев ички иштер кызматын реформалоо жөнүндө жарлык чыгарды. Айрым байкоочулар орус милициясы оңолбойт, болгону Кремл аны өзүнүн саясий максаттары үчүн активдүү пайдаланууну көздөп жатат деп эсептешет.

Президент Медведевдин жарлыгына ылайык, 2012-жылга чейин ички иштер кызматкерлеринин саны 20 процентке кыскартылат. Ушу туштагы бир миллион 230 миңдей милиционерден 220 миң адам кызматтан бошотулат. Мындан тышкары жакынкы жылдарда ички иштер кызматындагылардын баары борбордон финансылана баштайт. Кремлдегилер муну менен милиционерлер жергиликтүү бийликтердин көзүн карабай калат деп эсептешет.

Эксперттер болсо башкача көз карашта. Алардын айтымында, Кремл ансыз деле азыр милицияны өзүнүн саясий максаттары үчүн активдүү пайдаланып жатат. Келечекте ички иштер кызматындагылардын баары федералдык өкмөттүн каражатына алынганда алар жер-жерлердиги бийликтердин өмгөгүн басуу үчүн керек болот.

Москвада чыгуучу "Ведомости" гезити орус милициясын "совет мезгилинен калган саркындыга" салыштырды. "Совет кезеңинде милиция жарандардын укугун эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон. Ошондон бери эчтеме өзгөргөн жок. Эми деле кандайдыр бир өзгөрүү болору күмөн",- деп белгилейт газета.

Москвадагы Карнеги борборунун саясий эксперти Николай Петров орус милициясы ашкере криминалдашып кеткенин, коррупциянын очогуна айланып калганын белгилеп, президенттин жарлыгын "реформанын пародиясы" деп атады.

Президент Медведевдин демилгесине токтолуп, Нью-Йорк университетине караштуу Глобалдык иштер борборунун илимий төрагасы Марк Галеотти "чуу куйрук аты өчпөй келаткан орус милициясы акыры Кремлдин да чыдамын түгөткөндөй болду окшойт" деп болгоолоду. Акыл-эсин жоготкончо аракка тоюп алып, Москвадагы чоң дүкөндүн биринде ойгелди ок атып, бир нече кишини жер жаздантып, жоон тобун жарадар кылган кызыл шапке офицердин окуясынан кийин Медведев кыязы,болду эми, жетет деп чечкен шекилди.

Реформаны жүзөгө ашыруу кимге тапшырылары азырынча белгисиз. "Эгер бул иш министр Рашид Нургалиевдин колуна берилсе, анда мунун өзү, орустардын учкул кеби менен айтканда, огородко эчкини койо берүү дегенди билдирет",- деп көрсөтөт Frankfurter Allgemeine гезити.

Мамлекеттик думадагы депутаттардын бири: "МВД эгерим оңолбойт, мунун бир гана аргасы бар – аны түп орду менен жоюп салуу керек", - деп күпүлдөдү эле, анын бул ою коомчулукта кеңири колдоо тапкандай болду.

Рашид Нургалиев ички иштер министри болуп Путин президент кезде дайындалган. Медведев ага эмдиги жылдын январына чейин бүткүл реформанын планын иштеп чыгууну тапшырды.

"Түпкүлүгүндө Москва милициянын натыйжалуу ишине эмес, өзү түзгөн тартиптин так сакталышына кызыкдар", - дейт Галеотти. Нургалиевдин ар кандай жаңжалдан "аман чыгып" жатканын да ал ушуну менен түшүндүрөт. Коррупцияга каршы күрөшкө, кадрлардын кесипкерлик жөндөмүн жогорулатуу ишине ал өзгөчө деле салым кошкон жок. Ошол эле учурда ал саясий жүйөөдөн алганда бул кызмат үчүн өтө ылайыктуу адам, андыктан ал министрликте калары кадиксиз. Бирок быйылкы жыл орус милициясы үчүн реформанын жылы болору да арсар.

XS
SM
MD
LG