Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Нью-Йоркто россиялык Демократия жана кызматташтык институтунун бөлүмү иштей баштады.Буга чейин анын бир бөлүмү Парижде ачылган эле. Бу борбор Батышта Москванын кызыкчылыктарын коргоону көздөйт.

Институттун Нью-Йорктогу кеңсесине башчы болуп,россиялык саясат таануучу, теги армян Андраник Мигранян дайындалды.

“Спонсорлор ким экенин мен билбейм,-дейт ал.-Буга кызыкканым да жок. Москвада “Демократия жана кызматташтык” деп аталган фонд бар, биздин бөлүмдү жана Париждеги филиалды ошол фонд финансылайт”.

Миграняндын айтымында, аталган фонд Батыш демократиясын үйрөнүп, ушул жолдо орус коомун кантип өркүндөтүү керектиги тууралуу эксперттик сунуштарды даярдайт. Ошол себептен ал көп маселелерде институттун көз карашы Кремлдин позициясы менен дайыма эле дал келе бербей турганын да белгилеп кетти.

Деген менен бул институт аркылуу Москва өзүнүн Батыштагы кызыкчылыктарын, саясатын коргоону көздөй турганы калетсиз.

Мигранян өз бөлүмүнүн озуйпасын Россияны Батышта “балакеттин империясы” катары санаган саясий мифти төгүндөөдөн, буга кошо орустар менен америкалыктар ортосунда өз ара түшүнүүнү бекемдөөдөн көрөт.

Эки тараптын кызыкчылыктары төп келген көп чөйрөлөр бар экенин белгилеп, мунун бир мисалы катары Мигранян иммиграция маселесин атады. “Иммиграция Россия үчүн да, АКШ үчүн да маанилүү маселе болуп саналат, - дейт ал. – Бу жагынан АКШнын чоң тажрыйбасы бар. Россия да азыр иммигранттар өлкөсүнө айланып баратат. Алардын көбү мурдагы совет республикаларынан,атүгүл Кытайдан, Вьетнамдан, Ооганстандан жана башка жактардан чыккандар”.

Евроатлантикалык аймакта жаңы коопсуздук архитектурасын түзүүнү сунуш кылган орус президенти Медведевдин демилгесин жана АКШда жаңы президент - Барак Обама - бийликке келгенин Мигранян эки тараптын кеңири чөйрөдөгү кызматташтыгына жаңы мүмкүндүк ачып жатат деп эсептейт. “Эгер бул багытта прогресс башталса, эки өлкөнүн ортосундагы алакаларды кыйгылданткан көп проблемалар күн тартибинен алынат эле”,-дейт ал. Мындай проблемалардын арасынан Мигранян АКШнын Европада пландалып жаткан ракетадан коргонуу системасынын элементтерине, НАТОну кеңейтүү процессине, Украина менен Грузиянын келечегине байланышкан маселелерди атады.

Америкалык айрым басылмалардагы, маселен, ”Нью-Йорк таймстагы” макаласында Мигранян былтыркы согуштагы Россиянын позициясын, Москванын Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныганын, АКШнын аскер-аба базасын “Манас” аэропортунан чыгарууну жарыялаган кыргыз өкмөтүнүн чечимин чечкиндүү колдоп чыкты.

Демократия жана кызматташтык институтунун негиздөөчүсү делинип адвокат, Коомдук палатанын мүчөсү Анатолий Кучерена аталып жүрөт. Мындан бир жыл мурда фонддун түзүлүшүн жарыялап жатып ал “демократия жана адам укуктары” деген түшүнүктөрдү аныктоо бир да өлкөнүн монополиясындагы иш эмес деп айткан эле.

Аталган институт эл аралык Freedom House, Human Rights Watch өңдүү абройлуу уюмдарга атаандаш боло албаса да “орус демократиясын” Батышка, анын ичинде Нью-Йоркко ташбыйкат кылганга кыялданат көрүнөт.

XS
SM
MD
LG