Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

Жапонияда пенсионер өзүн жардырып жиберди


Полиция унаа токтотуучу жайдагы жардырууну иликтеп жатат.
Полиция унаа токтотуучу жайдагы жардырууну иликтеп жатат.

Жапониянын Уцуномия шаарындагы сейил бакта 72 жаштагы пенсионер өзүн жардырып жиберип, андан үч адам жаракат алды. Өз жанын кыйды делген адам кезинде армияда кызмат кылганын мамлекеттик NHK телеканалы жекшембиде кабарлады.

Унаа токтотуучу жайдын жанында дагы бир жардыруу катталганы, пенсионердин үйү бул жардырууларга чейин күйүп кеткени кабарланды. Полиция пенсионердин күйүп жаткан унаасынан кат табышты.

Окуядан 64, 58 жаштагы эки киши жана 14 жаштагы мектеп окуучусу жаракат алды.

Жапонияда соңку жылдары суициддердин саны азайганы менен анын көрсөткүчү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу кыйла жогору. Бул өлкөдө каржы маселелери жана жетишсиз пенсиядан улам жыл сайын 30 миң адам өз жанын кыят. (KKs)

XS
SM
MD
LG