Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Орусия-Беларус: урушабыз, бирок алыс кетпейбиз


Беларус президенти Александр Лукашенко жана Орусиянын лидери Дмитрий Медведев, Москва, 11-июнь, 2010-жыл
Беларус президенти Александр Лукашенко жана Орусиянын лидери Дмитрий Медведев, Москва, 11-июнь, 2010-жыл

6-октябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Беларус президенти Александр Лукашенконун расмий Москвага каяшасына байланыштуу билдирүү долбоорду карады.

Бир нече күн мурда Александр Лукашенко ага карата орусиялык маалымат каражаттары чабуул уюштурууда деп, бул үчүн Кремлди айыптаган. Ага жооп катары Орусиянын президенти Дмитрий Медведев интернеттеги өзүнүн блогунда “Беларус бийлиги жана президент Лукашенко эки өлкөнү кагыштыруу максатында от жагып атат” деп жазган.

Беларус президенти Александр Лукашенко “1-октябрда Орусиянын лидери Дмитрий Медведев жүзгө жакын журналисттин алдында мени шылдыңдады” деп айтты:

- Бул иштин башкы максаты – беларус элин кас кылып көрсөтүү, бул элдин президентин – кылмышкер, киши өлтүргүч, душман, ал эми Беларусту Орусиянын арты менен күн көргөн байкуш кылып көрсөтүү болгон.

Арадан үч күн өтүп, Дмитрий Медведев интернет аркылуу кайрылуу таратты. Анда Медведев Лукашенкону дипломатияны гана эмес, эки адам ортосундагы алаканы сыйлабаган киши деп баалаган. Орусиянын президенти “кийинки учурда Беларус жетекчилиги Орусияга каршы кастык шаанидеги каяша айтканын токтотподу”,-деп белгиледи Медведев.

Саясат талдоочулардын баамында Москванын катуу айтып, Минскти ийге келтирүү аракетинен майнап чыкпайт. Себеби Беларус лидери аны өз пайдасына айлантат. Мисалы, жакында Кремлдин кожоюну Түштүк Осетия менен Абхазияны таанууну создуктурганы үчүн сынга алганда А.Лукашенко ага оңой жооп тапкан:

- Беларус үчүн Түштүк Осетия менен Абхазияны таануу кыйын эмес, бирок андан кийин Беларустун башына түшө турган оорчулуктан Орусия куткарсын.

"Кайда качат эле?"

19-декабрда өтө турган президенттик шайлоого А.Лукашенко да ат салышат. Ошондуктан Лукашенкону азыр ой басып турат. Себеби Беларуста ушул күнгө чейин экономикалык система советтик бойдон келүүдө. Эгерде дагы бир мөөнөткө шайланам десе, Лукашенко пенсия менен айлык акыны убагында төлөтүп берүү маселесин чечиши керек. Бирок чет өлкөлөрдөн алган карызы көбөйүп турганда, чет өлкөлүк бай өнөктөшү жокто бул маселени чечүү кыйын болмокчу.

Адистердин баамында, эки мамлекеттин жетекчилеринин ортосундагы мамиле бузулганы менен эки элдин алакасы мурдагы бойдон калат. Бул жолу Д.Медведевдин минтип катуу сынга алганы – шайлоо алдында кимге добуш бербөө керек деген гана эскертүүсү. Беларус саясий талдоочусу Алексей Кароль буларды айтат:

- Муну менен Орусия шайлоодо Беларустун ички ишине кийлигишип атат деп ойлобойм. Бирок шайлоонун жүрүшүнө мунун түздөн түз таасири болот. Орусиялык тараптын колундагы курал – беларус оппозиция өкүлдөрүнүн дайынсыз жоголушу болот шекилдүү.

КМШ институтунун жетекчилеринин бири Владимир Жарихин болсо “Бажы биримдигине Беларус мүчө болду. Союздук мамлекеттер алкагында бүт келишимдер иштеп атат. Анан ал кайда качат?” деп айтат.

XS
SM
MD
LG