Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

ЖККУ: аты бар, бирок таасири канчалык?


Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ОДКБ) алкагында 26-августтан тарта кеңири масштабдагы аскерий машыгуулар башталды. Машыгуу 28-августтан 19-октябрге чейин Орусия, Беларус жана Казакстандын аймагында өтөт.

19-сентябрда машыгуулар Беларус жеринде өтөт деп пландаштырылган. Бирок айрым адистер расмий Минск өз жеринде чет элдик аскер бөлүктөрдүн болушунун кажети жок деп, машыгууга катышуудан баш тартышы ыктымал дешет.

Бул жолку аскерий машыгуу «2009-Өз ара колкабыш» деген аталышта өтүүдө. Аны өткөрүү үчүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттер өткөн жылы макулдашкан. Андан бери кыйла суу агып, уюм алдында (КСОР) Биргелешкен күчтөрдүн чукул чара көрүү тобун негиздөө чечими кабыл алынган. Аны толук кандуу уюмга айлантуу максатта бул жылы 14-июнда Москвадагы саммитте ЖККУ мүчөлөрү Өзбекстан менен Беларус лидерлери документке кол коюудан баш тартышкан.

Алтургай президент Лукашенко саммитке келбей койгон. Ага Москва менен Минск ортосундагы соода тармагындагы чатак себеп болгон. Орусиянын башкы санитардык дарыгери Онищенконун көрсөтмөсү менен беларустук сүттөн жасалчу миңден ашуун азык-түлүк Орусияга өткөрүүгө тыюу салынган.

Москвага далысын салып калган беларус президенти саммитке катышуудан баш тарткандыктан ЖККУ алкагында уюшулган жаңы түзүлүш – Биргелешкен күчтөр чукул чара көрүү чала туулган баладай абалда калган. Эмне дегенде ЖККУнун уставына ылайык анын бир эле мүчөсү кол койбосо, жаңы уюмдун күчүнө кирбөө абзел. Ошондуктан 31-июлда Кыргызстанда өткөн бейрасмий саммитте Александр Лукашенко колун коет деп үмүт кылынган. Бирок беларус лидери ал жолу да кол койгон эмес.

Жакында Беларус президенти Александр Лукашенко Москва менен соодалаша турган маселелер бар экендигин кыйыткан:

- Мен эмне себептен силерди коргошум керек? Эмне себептен улам менин азаматтарым силер үчүн курман болушу керек? Мени Орусиянын базарына киргизбей койгону үчүнбү? Казакстан, Тажикстан же Орусиядан отун кубатын өндүрчү отун ала албашым үчүнбү? Баасын көкөлөтүшү үчүнбү? Эгерде бири-бирибизди коргоп өлүмгө даяр болсок, анда келгиле, Евробиримдиктегидей бир мамлекеттей болуп жашайлы. Бири-бирибизди кысымга албай жашайлы. Ошондо бирөө үчүн баары күрөшчү НАТОдой уюм түзүлөт.
Аскер адиси Виктор Боронецтин айтымында, саясаттагы пикир келишпестик ЖККУну эмдигиче бир ымалага келе элек уюм бойдон калтырууда:

- ЖККУ - мурдагы советтик республикаларды Орусия өзүнө жакындатуу максатында уюшулган, совет өлкөсү таркагандан кийин ойлоп табылган алкак. Бул жерде согуштук аспап аталыш астында кандайдыр бир аскерий-саясий жаат түзүп чыгуу дымагы болгон. Бирок чийелешкен саясий кагылыштар эмдигиче ал мүдөөнү ишке ашыртпай келет.

«2009-Өз ара колкабыш» машыгуулары 19-августта баштламак. Бирок ага Ташкендин катышуудан баш тартышы уюмдун аскерий жаатын да олку-солку кылып салганын байкоочулар белгилешет.

26-августта Сочиде Беларус жана Орусия президенттери Александр Лукашенко менен Дмитрий Медведевдин сүйлөшүүсү да эки өлкө алакасын жибитип жиберчүдөй натыйжа берген эмес.

XS
SM
MD
LG