Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Беслан: мектептеги кыргынга алты жыл


1-сентябрда Түндүк Осетияда Беслан курмандыктарын эскерүү жыйыны өттү. Мындан 6 жыл мурда Бесландагы №1 мектепти террорчулар барымтага алган эле. Ошол коогалаңда барымтага түшкөндөрдөн 336 киши набыт болгон.

Бул күнү мектептин короосуна жүздөгөн адам келип, гүл коюшту. Аза күтүү кааданын башкы иш-чарасы 3-сентябрда, 6 жыл мурда террорчулар менен атайын жоокерлердин тирешүүсү кандуу кагылыш менен аяктаган күнү өтөт.

2004-жылы 1-сентябрда Беслан шаарындагы мектепти басып алган терррорчулар үч күн бою мектеп окуучулары менен ата-энелерин, бардыгы болуп 1200дөй кишини барымтада кармап турушкан. 3 күндөн кийин күч органдары барымтадагыларды бошотуу операциясын уюштуруп, мектепке чабуул жасап, террорчулар жок кылынган. Бирок андан 336 адам набыт болгон, алардын 186сы мектеп окуучулары эле.

Бесландыктар ушул күнгө чейин ошол коогалаңдын запкысын тартып келишет. Бийлик террордук чабуул тергелип бүттү деген тыянак чыгарганы менен, “Беслан энелери” комитети жана набыт болгондордун жакындары муну менен макул эмес. Алар кылмыш боюнча жыйынтык чыгарууда бийлик өзү бут тосконун ырастап келишет. “Беслан энелери” комитетинин төрайымы Аннета Гадиева буларды айтат:

- Сот отурумунда жападан жалгыз тирүү калган террорчу Кулаевдин иши боюнча өткөн тергөөдө жарыкка чыккан фактылар менен коогалаңды өз көзү менен көргөндөрдүн далилдери эске алынган жок. Биздин маалымат четке кагылып келет.

“Мемориал” укук коргоо коомунун адиси Александр Черкасовдун ырасташынча, буга окшогон кан жуткурган террордук чабуулдар иликтелгенде ага Федералдык коопсуздук кызматы аралашат. Ошондуктан териштирүүдө мамлекеттик түзүлүштөр окуянын чындыгында кандай нукта өнүккөнүнө караганда, ал түзүлүштөр өздөрү аткарган иш мыкты болгонун айгинелөөгө кызыктар:

- Бул кылмышты иликтөөгө алууда бир жагынан террорчулардын аракетин, экинчи жагынан күч органдардын аракетин талдоого алыш керек эле. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы деген түшүнүк жатат.

Ушул күнгө чейин Беслан окуясын башынан өткөргөн балдар менен ата-энелер психологиялык жана материалдык жардамга муктаж. Бийлик бир гана жолу жөлөк пул берген. Бирок ошону менен бирге бийлик бесландыктарга берилген башка жардамдарга бут тоскондой. Мисалы, ишкер Михаил Ходорковскийдин аракети менен Москва алдындагы Коралово кыштагында лицейде билим алып жаткан бесландык окуучулардын ата-энелери быйыл капилеттен эле киреше тапкан бүлө ирээтинде салык төлөө тууралуу кагаз алышкан. Кийин аны Түндүк Осетиянын бийлиги төлөп берүүгө аргасыз болгон.
XS
SM
MD
LG