Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Москвада он жыл мурда көп кабаттуу үйлөр жардырылган. Анда бир нече көп кабаттуу үй талкаланып, 300дөн ашык кишинин өмүрү кыйылган эле.

Жардыруу үчүн ал кезде өкмөт башына жаңы келген Владимир Путинди күнөөлөшкөн, бирок чечен козголоңчулары жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышкан. Айрымдар мунун артында Орусиянын коопсуздук кызматтары турат деп чыгышкан. Буга окшогон сын айткандардын кайсы бирлери мерт болуп, айрымдары түрмөгө отуруп чыгышкан.

1999-жылы, 9-сентябрга караган түнү Москванын түштүк-чыгышындагы Гурянов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, анын кесепетинен 94 киши өлүп, 264 киши жарадар болушкан.

Төрт күндөн кийин Москванын Каширск көчөсүндө дагы бир үйдө жарылуу болуп, андан 124 киши мерт кеткен. Саал мурдараак Буйнакск шаарында жардырылган үйдүн кыйрандысынан 64 кишинин сөөгү чыккан. Кийин Волгодонск шаарында да көп кабаттуу үй жардырылып анда да курмандыктар болгон.

Ал кезде президент Борис Ельциндин саламаттыгы начар болуп, Орусияда бийлик үчүн тымызын саясый күрөш башталып калган. Өкмөт башчы Владимир Путин көп кабаттуу үйдөгү жарылуулар үчүн чечендердин жикчил тобун айыптаган:

- Аэропорттон болобу, дааратканадан болсун кармап, ошол жерден аларды суулайбыз!

Ал күндөрү Путиндин бул сөздөрү калкка абдан жаккан. Көп өтпөй Путин экинчи чечен согушун ачкан. Саясатчы Владимир Прибыловскийдин баамында, Путиндин өлкөдөгү жогорку орунду ээлешине ошол жардыруулар да түрткү болгон:

- Путиндин жеңишке жетиши үчүн эки нерсе кепил болду: элден мурда көп кабаттуу үйлөрдүн жардырылышы, андан соң «террорчуларды дааратканада суулайм» деген келиштире айткан кеби.

Укук коргоочу Михаил Трепашкиндин баамында, 1999-жылы сентябрда Рязан шаарында даярдалып аткан жардыруу тургундар тараптан кармалганда, турак үйдүн астында жардыргыч заттарды солоп аткан кишилер Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери болуп чыккан.

Путиндин ордун жаңы баскан Коопсуздук кызматынын жетекчиси Патрушев “ал террорчулукка каршы машыгуу болчу” деп актаган. Кызык жери, ошондон кийин көп кабаттуу үйлөрдөгү жардыруулар кан буугандай тыйылган.

Ошол эле маалда бул террорчулуктун артында Коопсуздук кызматы турат дегендердин көбү көз жумган. Мисалы, бул үчүн Кремлди айыптагандардын бири - мурдагы КГБнын кызматкери Александр Литвиненко. Ал Лондондо уулантып өлтүрүлгөн.

Ал кезде Мамлекеттик думанын депутаты, саясатчы Сергей Ющенковду да 2003-жылы өз үйүнүн алдында белгисиз бирөө атып кеткен. Өлөөр алдында Сергей Ющенков «Азаттык» үналгысынын Орус кызматына буларды айткан:

- Аябагандай чоң мүмкүнчүлүккө ээ, сыр катканга мүмкүнчүлүгү бар атайын кызмат коомдук пикирди өзү каалагандай көз жазгырат, ойго келбеген ыкма менен окуянын өнүгүшүн башка жолго салып кое алат.

Ал эми жакында эле маркум Александр Литвиненко туурасында китеп жазган тарыхчы Юрий Фелштинский мындай дейт:

- Федералдык коопсуздук кызматын 1999-жылдын август айына чейин жетектеген Путин көп кабаттуу үйлөрдү жардыруу туурасында жасалган ишти билиши керек эле.

Бул кылмыш иштер боюнча Москванын шаардык соту 2004-жылы январда Карачай-Черкес жумуриятынын тургундары Адам Якушев менен Юсуп Карымшамхаловду айыптуу деп таап, аларды өмүр бою эркинен ажыраткан. Аларга 1999-жылы Москва жана Волгадонскидеги жардырууларга тийиштиги бар деген кине коюлган.
XS
SM
MD
LG