Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

24-майда Нобел сыйлыгынын лауреаты, акын Иосиф Бродский 70 жашка чыкмак. Иосиф Бродский 1940-жылы Ленинград шаарында туулган. 1975-жылы СССРден чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ага 1987-жылы адабият боюнча Нобел сыйлыгы ыйгарылган.

24-майда акын жана жазуучу Иосиф Бродский туулган Санкт-Петербург шаарындагы Кино үйүндө салтанаттуу кече өтүп, ага чет элдик коноктордон сырткары шаар интеллигенциясы келди.

Акындын жетимиш жылдыгын утурлап уюштурулган Санкт-Петербург Мамлекеттик университетте “XXI кылымдагы Иосиф Бродский” аттуу эл аралык илимий жыйын өткөн. Ага орусиялык ири шаарлардан сырткары АКШ, Англия, Италия, Израил, Украина жана башка өлкөлөрдөн адабиятчылар жаатынан таанымал кишилер катышкан.

Орусияда азыр Бродскийдин чыгармалары абдан көп нуска менен чыгарылып жатат. Ошондон улам айрым сынчылар мындан бир нече жыл мурда Иосиф Бродский чет өлкөдө бозгунда жүрүп көзү өткөн орус акын болсо, азыркы күндө ал акындын чыгармачылыгы улуттун энчиси катары баалана башталды дешкен.

Иосиф Бродскийдин ыр саптары:

Жапайы айбан сыңары капаска мен солонгомун,
Мыкка илинген абактагы күндөрүмдү эсептечү кагазды өрттөп,
Көл кыйырында кийин мен кумар ойноп,
Фрак кийип туш келди киши менен тамак ичкем,
Мөңгү зоонун чокусунан дүйнөнүн жарымын карап,
Сууга чөгүп үч жолу, жаткамын эки жолу кергичте мен,
Таштап кеттим өгөйлөгөн өлкөнү анан,
Мени унуткан адамдардын эсеби эми кенен бир шаар.
(Эркин котормо – ММ)

Бул саптарды Бродский 1986-жылы Би-Би-Си үналгысынын баш кеңсесинде окуган. Аны жакшы тааныган жана ал туурасында китеп жазган Соломон Волковдун баамында, анын бул саптарында жаңылган жери бар:

- Дегинкиси Бродский кыйла учурда пайгамбардай көрөөгөч болгон. Өз тагдыры болсун, башка бирөөнүкү болсун – алдын ала көрө билген. Бирок бул жерден ал жаңылышкандай.

Чындыгында азыр Бродскийди дал ошол “жериген” мекени Орусия кучагын кенен жайып кабылдап, анын ысмы менен сыймыктанып атпайбы.

Акынды өгөйлөгөн Санкт-Петербургда салтанатка ат арытып барган айтылуу адабий сынчы Наталия Иванова буларды айтты:

- Анын үйүндө, экинчи кабатта, Бродский кайнаткан чай ичкеним үчүн бактылуумун. Андан башка эсимде калганы – анын Миссисипи аттуу мышыгы, анын үйү.

Бродскийге окшогон улуу акындар көзү өткөндөн соң ал өткөн чөйрө кайрадан жаңырат. Акын, жазуучулар арасында бирөөлөрдү ары түртүү же бери тартуу аракеттери башталат. Ошол жөөлөшү маалында ээлеген ордунан былк этпечү дараметтер болот. Аны эч кандай күч адабий чөйрөдөн сүрүп чыгара албайт. Акын Иосиф Бродскийди ошондой чокулардын бири деп эсептесе ылайыктуу болот.
XS
SM
MD
LG