Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

А.Чеховдун чыгармалары түбөлүктүү


29-январда орус жазуучусу Антон Павлович Чеховдун туулган күнгө 150 жыл толду. Бул күнү дүйнөдө улуу жазуучунун чыгармачылыгын кадырлагандар таланттуу калемгерди эскеришти.

Москвада Чеховдун пьесаларына арналган алты айга созулган фестиваль башталды. Ага Германия, Швеция, Жапония, Чили, Канада жана башка өлкөлөрдөн өнөрпөздор келишти.

“Азаттык” Чеховдун чыгармачылыгы тууралуу МГУнун профессору, айтылуу адабиятчы Николай Анастасьевге суроо узатты:

- Чеховдун чыгармаларында анын көзгө урунбаган тереңдигинде тагдырлардын кыйрашы, адамдын жан дүйнөсүндөгү жылыштар тууралуу баяндалат. Кадыресе ал Европа менен Американын кара сөз чеберлеринин бир нече муунуна өрнөк болуп, аларды тарбиялады. Хемингуэй менен Фолкнер Чеховду өз муунундагы жазуучулардын атасы деп аташы бекеринен эместир.

Чеховдун чыгармачылыгын изилдөөчү, АКШдагы Йел университетинин профессору Рита Липсон буларды айтат:

- Ал жараткан мүнөздөр куду америкалыктардын кулк-мүнөзүнө окшош. Чехов “Сага эч ким карыз эмес, баарын өз аракетиң менен жеңгин, колуң менен жасаган күнөөңдү мойнуң менен тарткын” деп тарбиялайт.

Толстой менен Чехов Британ окурмандарынын арасында өзгөчө кадыр баркка ээ экени айтылып келет. Буга Чеховдун каармандарынын токтоо, өзүнө сын көз менен карай алган адамдар болгону себеп.

Орус калемгери жараткан каармандар европалыктарга жакын болгонун Лондондо өткөн фестивалды тескеген адабиятчы Розманд Бартлетт белгиледи:

- Биз үчүн Чехов англиялык болуп сезилет. Бирок ал бүтүндөй туруму менен орус. Анын чыгармаларында биздин элге мүнөздүү болгон сын көз-караш бар. Ошонусу менен жакын.

Жазуучуну жакшы билгендердин маалыматы боюнча Чехов өтө сыпаа киши болгон.

Кыргызстандын театры бул жолу Москвада өтүп жаткан фестивалга келе албай калганын “Азаттыктын” кабарчысына актриса Эленора Турдубекова айым айтты:

- Өткөн жылы Орусиянын элчилиги “Чеховдун 150 жылдыгын белгиленип, Москвада фестиваль өтөт” деп кыргыз театрларына долбоор киргизүүнү сунуш кылган. Бирок биздин театрлар өз мүмкүнчүлүгүнө жараша эч кандай долбоор сунуштай алышкан эмес.

Грузиянын мамлекеттик театрынын жетекчиси Георгий Маргвашвили орус жазуучусунун чыгармаларына оюн коюудан тажабайт. Анын айтымында, А.Чехов грузин элинин да жан дүйнөсүнө жакын:

- Чехов мүнөздөрдүн тарыхын жараткан. Анын чыгармачылыгы менен тааныша келгенде ар бирибизге ушунча чукул, небактан тааныш болуп туйулат. Эгерде оюнду аткарып аткандар жакшы ойношсо, анда ар бир оюн көргөнү келген киши өзүнүн турмушун көрөт. Ошондуктан ал мүнөздөр эч убакта эскирбейт. Ар бир муун келгенде өзүнүн оюнун коет. Мына ушунусу менен Чехов улуу жазуучу.

Бул күндөрү Париждеги “Де ла Колин” театрында Чеховдун «Алча багы» чыгармасына коюлган оюн көрсөтүлүп жатат.

"Азаттыктын" архивинен: А.Чехов жана кыргыз маданияты

Антон Павлович Чеховдун чыгармасына коюлган «Алча багы» спектаклиндеги Дуняшанын ролун Тынара Абдыразаева ойногон. AJ, MiT

А.Чехов жана кыргыз маданияты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00
XS
SM
MD
LG