Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Орусия: чиркөө менен өкмөттүн байланышы


Орусия 10-кылымда Киев Русу учурунда Христиан динин кабыл алган. Ошол окуяны Орусияда жаңы майрам катары 28-июлда алгачкы ирет белгилешти. Орус православ чиркөөсү СССР ыдырагандан кийин эл ичинде улуттук тек окшомун таанытуудагы Кремлдин эң натыйжалуу куралына айланган.

Айрым серепчилер чиркөөнүн саясий таасири жана «орусчулдук» идеяларын колдогону өлкөдөгү башка этникалык жана диний азчылыктарына карата кысымды күчөтөт дешет. Анткен менен өлкөнүн диний семинариясынын окуучулары жана мугалимдери, тескерисинче, православ чиркөөсү сабырдуулукка чакыра турганын билдиришти.

«Азаттык» үналгысынын кабарчысы Кэвин О’Флинн Орусиянын эң таасирдүү Ортодокс чиркөөсүнүн рухий үйү Сергиев Посад деген жерине барып, өлкөнүн диний жаш мууну менен маек курду.

Мындан 20 жыл мурун чиркөөнүн расмий ролу мынчалык чоң эмес эле. Бүгүн өлкөнүн саясий элитасы, белгилүү саясатчылар, алардын ичинде президент Дмитрий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин, ортодокс салт-санааларга берилгендигин көрсөтүп, жыл сайын Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөгө (Рождество майрамына), Пасха мессаларына катышат, улам жаңы диний майрамдарды расмий түрдө кабыл алышат.

Орусиянын Конституциясы дин менен бийликти бири-биринен ажыратып көрсөтөт. Бирок «Адатта бул эки тараптын мамилеси Европадагы мамлекет менен диндин ортосундагы шериктештиктей» дейт Орусиянын диний маселелери боюнча серепчи Андрей Золотов. Анын оюнча, бул шериктештикти андан да беките турган конституциялык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

«50-100 жылдын ичинде Орусиянын чиркөө менен бийликтин ортосундагы мамилелерди талдаган жаңы мыйзамдар зарыл болуп калат деп ойлойм» деди Андрей Золотов.

Мындан тышкары чиркөө өкмөткө таасир этип, Советтер союзу учурунда жоготкон мүлктү кайтарып алуу жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына жетишкен. Азыркы учурда чиркөө өлкөдөгү кыймылсыз мүлкүнө ээ болгон эң ири институт экени белгилүү.

Татар тегиндеги тарыхчы Нурулла Гариф Ортодокс чиркөөнүн саясий мамилелердеги өсүп жаткан таасирин, бүгүнкү күндө Орусиянын «христиандашып» жатканын саясат жагынан туура эмес деген оюн айтты.

«Орусиянын Ортодокс чиркөөсүнүн таасири мамлекеттик институттарга жайылып кеткен. Ошондой эле, ал жарандарды манипуляциялоодо бийликтин куралы болуп калды. Негизинен диндин өзүндө терс сапат жок, бирок аны өлкөнүн жарандарына каршы пайдалануу - туура эмес» деп билдирди Нурулла Гариф.

Сергиев Посаддын 4-курсунун студенти Максим Бурдин чиркөө менен бийлик «шериктеш иштейт» деген ойду четке какты. «Эки институттун ортосунда гармония болушу керек» деди Максим.

«Чиркөө менен бийликти эки китептей кылып бири-биринен ажыратуу мүмкүн эмес. Алар бири-бирине дал келет жана бири-биринин ишине тоскоол болбошу керек. Чиркөөнүн кызматкерлери жана бийликтеги адамдар бири-бирине колдоо көрсөтүшү зарыл. Өкмөттүн максаты – кубаттуу мамлекет куруу. Эгерде өкмөттүн аракеттери чиркөөнүн доктринасын бузбаса, чиркөө бийликтин бул максатына каршы чыга албайт».
XS
SM
MD
LG