Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Орусия 2011-жылга чейин эгинди сыртка сатпайт


Орусияда эгинди сыртка сатууга тыюу салуу буйрук күчүнө кирди. Бул тыюу 2011-жылдын аягына дейре күчүндө кала бермекчи. Өкмөт тийешелүү чечимди 5-августта кабыл алган. Быйыл болуп көрбөгөндөй катуу ысыктан Орусияда көптөгөн айдоо жерлерде эгин куурап чыкпай калган. Кургакчылыктын айынан быйыл 60-65 миллион гана тонна түшүм болот деп болжолдонууда. Буга дейре Орусия чет мамлекеттерге эгин сатчу ири төрт өлкөнүн бир болчу.

Жакында эле өкмөт башчы Владимир Путин сыртка эгин сатууга салынган тыюу 2011-жылы күзүндө, эгиндин түшүмү белгилүү болгондон кийин гана алынып таштала тургандыгын билдирди. Мындан бир ай мурда премьер-министр эгинди сыртка сатууга салынган тыюу ушул жылдын этегине чейин гана болот деп айткан.

Быйыл болуп көрбөгөндөй ысык жана кургакчылык Орусия жеринин кунун ала кеткендей. Аны карапайым калк өз чөнтөгүнө келген оорчулуктан байкай баштады. Азыртадан эле ундун баасы бир топ кымбаттады.

Буга чейин эгинди экспорттогон АКШ, Европа, Канада, Австралия, Аргентинанын катарында турган жана аны салыштырмалуу арзан баада саткан Орусия азыр бул өлкөлөр менен тең тайлаша албай калды. Себеби БУУнун алдындагы Айыл чарба боюнча уюмунун (ФАО) алдын ала чыгарган божомолуна ылайык, Орусия бул жылы 43 миллион гана тонна эгин алат. Бирок АКШнын Айыл чарба министрлигинин божомолунда Орусия алчу түшүм 60-65 миллион тоннага жетиши ыктымал.

Орусия бул жылы 90 миллион тонна эгин алууну божомолдоп жаткан. Себеби былтыр түшүм 97 миллион тоннага жеткен эле.

Жылына Орусия 75 миллион тонна эгин керектейт. Быйыл алына турган түшүм 60 миллион тонна болсо, ага кампада турган 24 миллион тоннаны кошкондо 84 миллион тонна бар десе болот. Ал ички керектөөгө гана кенен жетет, бирок бийлик кампада 24 миллион тонна эгин болгонуна ишене бербейт. Себеби дыйкандардан аштык сатып алуу дурус жолго коюла элек. Сата албаган эгин кырманда кала берип чирип кетүү менен бүтөт. Дыйкандар кеткен чыгымына караганда “арзан баада сат” деп бийликтин кол толгогонуна дайым эле макул эмес. “Көп учурда эгинин ороолордо кармап же малга жем кылып салышат” дейт саясий талдоочу Михаил Делягин:

- 24 миллион тонна эгиндин канчасы кампада бар же жок экенин Айыл чарба министрлиги бул жакта калсын, өкмөт башчы да билбейт.

Адистин айтымында, бул кагаз жүзүндө бирди көрсөтүп, иш жүзүндө башка болуп жатканынан кабар берет. Ошол себептен Орусия сыртка эгин сатып алып, өз эли ачка калып, азык-түлүк кымбаттоосуна дуушар болуудан кооптонууда.

Айыл чарба өндүрүшү быйыл Орусиядай жери кең өлкө үчүн ар кандай болду. Маселен Краснодар крайы эгинди былтыркыдан арбын алган. Былтыр ар гектарынан 48 центнерден алса, быйыл ал 51 центнерден айланган. Ставрополь жана Ростов облустарында да түшүм жакшы. Волга боюндагы жерлер менен Орусия борборундагы аймактарда түшүм мурунку жылдан эки эсеге аз алынган. “Өкмөт эми ал жерде облустарга эгинди бекер берип атканын иш билбегенинен кабар берет” дейт мурдагы экономика министри Андрей Нечаев:

- Аймактардын өтүнүчү боюнча аларга эгинди бекер таратып берүү, менин оюмча, абдан ката чечим болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG