Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Эксперт: орустар шайлоону оюнчук көрүшөт


Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов "Мосдумага шайлоо адилет өттүбү?" деп аталган маалымат жыйынында.
Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов "Мосдумага шайлоо адилет өттүбү?" деп аталган маалымат жыйынында.

Жекшемби күнү Россиянын 75 регионунда жергиликтүү бийлик органдары шайланды. Добуштардын 80 проценти "Бирдиктүү Россия" партиясына тийди. Мосдумадагы 35 орундун 32син "единоросстор" алды.

Бул күнү регионалдык мыйзам чыгаруу жыйындарына, шаардык өкүлчүлүк органдарына депутаттар жана муниципалитет башчылары шайланышты. Бир мандаттуу округдардан, партиялык тизмеден бардык жерде бийлик партиясы - "Бирдиктүү Россия" көп добуш алды.

Шайлоонун жалпы жыйынтыгына таянып, партиянын жогорку кеңешинин төрагасы Борис Грызлов "эл азыркы бийлик менен бирикти" деп тыянак жасады. Москванын шаар думасынан дээрлик бардык мандаттарды "единоросстор" алышат. Андан үч орун гана коммунисттерге тийди. Калгандардан Мосдумага эч ким өткөн жок.

"Бирдиктүү Россиянын" жеңишин борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Владимир Чуров да тастыктады. "Добуш берүү күнү элден даттануулар аз түштү. Болгону Дербенттен эки телеграмма келди. Менин чөнтөк телефонума төрт-беш ирет маалымат жөнөтүштү. Калганы баары тынч болду",- деп айтты ал.

Шайлоо күнү Дагестандын Дербент шаарында бийлик менен оппозиция тиреше кетип, анын арты кагылышка айланганы,бир киши жарадар болгону кабарланган эле. Чуров мунун баарын төгүнгө чыгарды.

Оппозициядагы партиялардын өкүлдөрү жекшемби күнү одоно көрүнүштөр өтө көп болгонун айтышууда.

"Мурдагы шайлоого караганда мыйзам бузулган учурлар абдан арбын болду. Буга жадесе сот органдары да катышты",- деп билдирди коммунисттердин өкүлү, Мамдуманын вице-спикери Иван Мелников.

Анын партиялашы Валерий Рашкин бийлик партиясы үчүн таңгак-таңгагы менен бүллүтөн таштагандарды "кылмыштуу шайлоо коомчулугу" деп атады жана административдик ресурс күч колдонуучу мекемелер менен толукталганын кызуулана белгиледи.

Шайлоо күчкө салмай усулда өткөнү жөнүндөгү сөздөрдү Чуров "моралдык террор" деп сыпаттап, караманча четке какты.

Көз карандысыз эксперт Дмитрий Орешкиндин айтымында, системадан сыртта калган оппозиция, Кремлден" уруксат берилген" саясий бирикмелер тизмесине киргизилбеген партиялардын шайлоодо эч кандай мүмкүндүгү жок. Алардын баары чийинден ары сүрүлүп калды. Өз талапкерлерин көрсөткөн күндө да аларды каттоодон өткөрүш кыйын.

Москвалык дагы бир эксперт Марк Урнов жекшемби күнкү шайлоонун натыйжасында таң кала турган деле эчтеме жок деп эсептейт. "Мамлекеттик аппарат бүт өмгөгүн салып бийлик партиясы үчүн иштеди, анын үстүнө оппозициядан аларга эгей-шыгай атаандаш болчу талапкерлер шайлоого чыгарылган жок".

Урнов Россияда шайлоо деген элге дегеле керексиз ишке айланып,ал тек гана бийликтердин "оюнчугу" болуп калганын көрсөттү.
"Бийлик өз саясатын жүргүзүүдө, өкүлчүлүк органдарына кимди өткөрүп, кимди өткөрбөйт – муну өзү билип,өзү чечет. Эл болсо өз арбайын согуп, таптакыр башка турмушта жашап жатат",-дейт ал.

Добуш берүүгө көп жерлерде шайлоочулар аз келди. Москвада,мисалы,алардын отуз проценти гана добуш беришти.

XS
SM
MD
LG