Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Россияда кайра эле башкаруучу партия жеңди


Жекшемби күнкү өнөктүктү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуров жалпысынан жакшы өттү деп билдирди.
Жекшемби күнкү өнөктүктү Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуров жалпысынан жакшы өттү деп билдирди.

Россияда сексенге жакын райондор менен шаарларда, сегиз региондо жекшемби күнү жергиликтүү бийлик органдары шайланды. Аларга Мамдумадагы партиялардын баары өз өкүлдөрүн өткөрүштү.

Мурдагыдай эле бул жолу да жалпы добуштардын саны жагынан башкаруучу партия – "Бирдиктүү Россия" алдыга чыкты.

"Эгер жалпы мандаттардын эсебине алып санасак, биздин партия алардын 68 процентин алды, бул өткөн жылы марттагы жана октябрдагы шайлоого салыштырганда кыйла жогорку көрсөткүч",- деп билдирди Думанын спикери жана единоросстордун лидери Борис Грызлов.

Ал ошондой эле "Бирдиктүү Россиянын" байкоочулары башкаларга караганда эреже бузулган учурларды да көп катташканын кошумчалап, бирок буга байланыштуу эч кандай ызы-чуу көтөрүшпөй турганын бышыктады. Болгону топтолгон фактылардын баары тийиштүү органдарга берилет, муну менен единоросстор оппоненттерге "шайлоо маданиятын" үйрөтөт.

Партиялык тизме боюнча добуштардын саны жагынан экинчи орунга коммунисттер чыгышты. Иркутскиде алардын өкүлү шаар башчылык мандатты утуп алды.

Либер-демократтар менен "Адилеттүү Россия" партиясы да жалпысынан шайлоонун натыйжаларына алымсынганын айтышты. "Адилетросстордун" өкүлү Уст-Илимскиде шаар башчылыгына шайланды.

Жекшемби күнү сегиз региондун – Свердлов, Курган, Рязан, Калуга жана Воронеж областтарынын, Хабаров крайынын, Алтай республикасынын, Ямал-Ненец автоном округунун парламенттери шайланды.

"Мурдагы кампанияларга салыштырганда эки гана аймакта – Курган жана Свердлов областтарында шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болду,- деп билдирди маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуров. - Жалпы эсепте федерациянын субекттеринде добуш берүүгө шайлоочулардын 42,6 проценти катышты".

Көз карандысыз "Голос" байкоочулар тобунун директору Лилия Шибанова Екатеринбург шаарында массалык мыйзам бузуулар болгонун, шайлоочуларды автобустар менен ташып келип, добуш бердиришкенин маалымдады. "Добуш берүүчү жайлар соода борборлорунда ачылып, шайлоочуларга белек-бечкектер таркатылды",- деп айтты ал.

Мурдагы өнөктүктөр маалында ар бир шайлоо жайында он-он экиден байкоочу болсо, бул жолу алардын саны үчкө араң жетти.

"Ошентсе да биз муну жакшы көрсөткүчкө кошконго аргасызбыз, анткени шайлоого коомдук байкоо жүргүзүү, жалпы эле кызыгуу кескин төмөндөп кетти",- деп айтты Шибанова.

XS
SM
MD
LG