Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

ФСБнын укугу кеңейди


Москва -- Кызыл аянтка нааразылык акциясына чыккан "Яблоко" партиясынын мүчөсүнө коопсуздук кызматынын өкүлү эскертүү жасап жатат.

Москва -- Кызыл аянтка нааразылык акциясына чыккан "Яблоко" партиясынын мүчөсүнө коопсуздук кызматынын өкүлү эскертүү жасап жатат.

Россиянын коопсуздук кызматтарына кошумча укуктарды берген талаштуу мыйзам түзөтүүлөрүн президент Дмитрий Медведев бекитти. Мыйзам Мамлекеттик думада 16-июлда кабыл алынган, үч күндөн соң аны Федерация кеңеши жактырган. ФСБнын укуктарын кеңейтүүгө жарандык активисттер менен оппозиция каршы болушкан.

Президент Медведев бекиткен түзөтүүлөргө ылайык федералдык коопсуздук кызматы жөнүндөгү мыйзамдын жана административдик укук бузууларга байланышкан кодекстин айрым жоболору өзгөрдү. Атап айтканда, атайын кызматтар жана алардын өкүлдөрү өлкөнүн жарандарына кылмышка себеп болчу же же ага шарт түзө турган иш-аракеттер тууралуу ырасмий түрдө эскертүү жасаганга укук алышты. Мындай эскертүүгө же талапка баш ийбеген учурлар коопсуздук өкүлдөрүнө өз кызматын аткарганга жолтоо болуу катары каралат жана бул үчүн административдик жазалар аныкталат.

Бийликтердин жүйөөсүндө мындай мыйзамдын зарылдыгы быйыл мартта Москва метросундагы террордук кыянаттардан соң келип чыкты. Маселеге атүгүл немец канцлери Ангела Меркел да таң калуу менен кызыгып, Екатеринбургдагы жыйын маалында сөз козгогондо Медведев ар бир өлкө өзүнүн мыйзам актыларын,анын ичинде атайын кызматтарга байланышкан мыйзамдарын өркүндөткөнгө укугу бар экенин, Россия да ушундай усулда иш кыларын, бул жолку түзөтүүлөр жеке анын көрсөтмөсү менен жасалып жатканын ырастаган.

Россиялык укук коргоочу уюмдар ФСБга бир кездеги КГБнын ыкмалары менен укуктары кайта берилип жатат деп эсептеп, президентке атайын кайрылышкан эле. Орус өкмөтүнүн бир кездеги вице-премьери Борис Немцов "мыйзам терроризмге эмес, оппозицияга каршы багытталганын" айтып, демилгени өткөндөгү репрессивдүү тажрыйбаны жандантуу аракети таризде баалаган. "Адам укугу үчүн" кыймылдын лидери Лев Пономарев түзөтүүлөрдү ойлоп тапкандарды "секулярдуу орус коомун кулчулук коомго айлантканы жатат" деп айыптаган. Бир катар байкоочулар азыркы жагдайды 1972-жылга салыштырып,ал кезде КГБ орус диссиденттерин "мамлекеттик коопсуздук кызыкчылыктарына кайчы келген антисоциалдык аракеттерден" такай эскертип турганын эске салышты.

Карапайым калк арасында укук коргоочулардын кооптонууларын колдогондор да, аларга кошулбагандар да бар. Алардын бири жаңы түзөтүүлөрдү өтө чочулап кабыл алганын, коом азыр чекисттердин кайрымагына илинип калды деп ырастагандарга кошуларын, Россия өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарындагы абалга кайра келгенин билдирди.

Экинчи бир аял коопсуздук кызматтары жакшы иштеп жатканын, калкты такай кабардар кылып турушарын, террорлордун алдын алып, чек ара бузгандарды кармап жатышканын белгиледи. "Биз жетерлик түрдө коопсуз жашап жатабыз, мунун баары коопсуздук органдарынын ишинин натыйжасы", - деп айтты ал.

Коомдук пикирди изилдеген "Левада-борбору" Россияда калктын 85 проценти бийликтер нааразылык билдирген жарандардын пикирлерин эске алууга тийиш деп эсептей турганын аныктады. Борбордун башчысы Лев Гудковдун айтымында, бийликтердин чечимдерин оң баалаган маанай негизинен билими жетишпеген, айыл жеринде, элеттеги шаарларда жашаган, маалымат булактары чектелген, өкмөткө көз каранды адамдар арасында арбын, ал эми калктын билимдүү катмарында ФСБ сыяктуу органдарга терс мамиле жасагандар көп.
XS
SM
MD
LG