Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Журналисттер үчүн кооптуу өлкөлөрдүн бири - Орусия


Анна Политковская
Анна Политковская

Орусия журналисттер үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу үч өлкөнүн бири болду. Бул тууралуу Эл аралык журналисттерди коргоо комитетинин жылдык баяндамасында айтылат.

Баяндамада Орусияда журналисттердин киши колдуу болушунун башкы себеби катары коррупция жана саясий эрктин жоктугу айтылат.

2008-жылы дүйнөдөгү 173 өлкөдө басма сөз эркиндиги талдоого алынып, анда Орусия 141 орунду ээлеген.

Эл аралык журналисттерди коргоо комитетинин бул жылкы баяндамасы 15-сентябрда чыкты. 2000-жылдан бери Орусияда 17 журналист өлтүрүлгөн, бирок журналисттин өлүмүнө тийешеси бар деген айып менен бир гана кылмышкер жазасын алган.

Филиппинде 29 журналист өлтүрүлүп, бул өлкө биринчи орунга чыккан. Экинчи орунда Пакистан. Бул өлкөдө 19 журналист набыт болгон.

Катя Мартон - Эл аралык журналисттерди коргоо комитетинин жетекчилеринин бири:

- Мен бул докладды окуп чыгууну сунуш кылам. Биз анда орусиялык прокуратуранын кылмыштын бетин ачууда шалаакы мамилесин далилдедик. Кылмышты иликтөөдө кайдыгерлик, аларды жалган жерден айыптоо, дилилди эске албай коюу, коркутуп-үркүтүү- мунун бардыгы докладда айтылды. Журналисттерге жаман мамиле жасаган ар бир мамлекет, андан да жаманы – аларды өлтүрүп жатса, аны көрмөксөнгө салган мамлекет өзүн демократиялуу өлкө катары эсептебеши керек.

Киши колдуу болгон орусиялык 17 журналисттин төртөө оппозициялык маанайдагы “Новая газета” гезитинин кабарчылары: Анастасия Бабурина, Игорь Домников, Анна Политковская, Юрий Щекочихин.

Ошол эле учурда президент Дмитрий Медведев өзүнүн алгачкы маегин “Новая газета” гезитинин башкы редактору Дмитрий Муратовго курган. Бирок серепчи Олег Панфиловдун баамында, президент бул гезитти анын оппозициялык турумун эске алуу менен тандаган:

- Эгерде Медведев ачык эле айтып, Баш прокурорду, жок дегенде, кийинки учурдагы чуулгандуу кылмыш иштерди - Анна Политковская менен Пол Хлебниковду аткандардын бетин ачууга мажбурлаганда бийликтин саясий эрки бар экендиги далилденмек.

Набыт болгон журналисттердин жакындары кылмыш иштери адатта жашыруун иликтөөгө алынарын айтышат. Мисалы, Санкт-Петербургда киши колдуу болгон журналист Максим Максимовдун энеси 2004-жылы өлтүрүлгөн баласы туурасында бийликтен ушул убакытка чейин жооп алалбай келет:

- Мен үмүтүмдү үздүм. Жөнөкөй кызматкер, же Мамдума, президенттерден да жооп алалбадым. Алар менин арызымды капарына алышпады. Эки жыл мурда “Московская правда” гезитине Путинге жазган ачык катым жарыяланган. Жооп болгон жок. Бийлик аларды иликтегенде акырына чыгарышпай таштап коюшууда.Russia

XS
SM
MD
LG