Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Түркмөн газы Медведевди Ашхабадга жетелөөдө


Газдын кени Түркмөнстанда болсо, базары Россияда
Газдын кени Түркмөнстанда болсо, базары Россияда

Бейшемби күнү Россия президенти Дитрий Медведев Түркмөнстанга эки күндүк сапар менен келет. Медведевдин буга чейинки визити учурундагыдай эле Ашхабадда болчу сүйлөшүүнүн башкы темасы-газдын наркы.

Себеби, акыркы эки жылда эки жак көгүлтүр отундун баасы боюнча араздашып келет. Ашхабад арийне газды эларалык баада сатууну кааласа, Москва аны арзан алууга куштар.

Дүйнөлүк кризистин кесепети жана газ базары
Президенттер Дмитрий Медведев(солдо) жана Гурбангулы Бердимухаммедов(оңдо). Ашхабад. 22-декабрь 2009


Глобалдык экономикалык кризиске чейин Россиянын өкмөттүк Газпром компаниясы түрмөн газын баасына карабай ченемсиз сатып алганга ынтызар болчу. Кризис газга болгон талапты жана бааны төмөндөттү. Москва аны шылтоо кылып, Өзбек жана Казак газын арзандатканга жетишти. Бирок газынын 90 процентин Россияга саткан Түркмөнстан гана “европалык нарктан ылдыйлабайбыз” деп кашайып туруп алды. 2009-жылдын апрелинде Түркмөнстан - Россия куурунда жардыруу болуп, Ашхабад декабрга чейин Россияга газ экспорттой албады. Түркмөнстан жардыруу үчүн Москваны күнөөлөп, анын кесепетинен айына 1 миллиард доллар чыгым тартып жатканын айтып чыккан. Түркмөнстан бул окуядан соң Газпромго таянып болбосун, башка керектөөчөлөрдү издөө керек экенин түшүндү”,-дейт англиялык талдоочу Жонатан Стерн.

Былтыр декабрда Медведев Ашхабадга келип, Түркмөн газы кайра Россияга жөнөтүлө баштады. Бирок Москва талашка чейинки 40 миллиард куб метрдин ордуна 11 миллиард куб метр алып калды. Кризиске чейин Газпром 65 миллиард куб метр жөнүндө сөз кылып жаткан. Азыр газ базарындагы жагдай өзгөрдү. Ал жөнүндө Охфорддогу энергияны изилдөө институтунун Газ долбоорунун мүдүрү Жонатан Стерн мындай дейт:

- Аларга(Росссиянын Газпромуна) азыр башка бирөөлөрдөн газ сатып алуунун кереги жок. Алар мурда кол коюлган келишимге ылайык акча төлөгөндү каалабайт. Себеби, Россия өлкө ичиндеги башка өндүрүшчүлөрдөн газды арзан сатып ала алат. Маселе, Борбор Азия өлкөлөрү менен түзүлгөн келишимдерде болууда. Алар Москвага келечекте да керек болушу ыктымал. А керектөө аз, газ мол болуп турган чакта аларга чындап эле келишимде каралган газдын кереги жок.


Газ куурундагы жардыруудан Ашхабад алган сабак

Былтыр декабрдан кийин Түркмөнстан Кытайга жылына 40 миллиард жана Иранга кошумча 12 миллиард куб метр газ ташычу куурга кошулду. Буга чейин Иранга 8 миллиард куб метр газ экспорттоочу. Аталган эки келишимден башка да Ашхабад быйыл Европа колдогон Набукко кууруна кошулуу ниетин билдирди. Ошондой эле Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия долбоорун алга түртүүдө. Бул долбоорлор качан ишке ашары белгисиз. Андыктан Түркмөнстан газды экспорттоону кааласа, Москванын көзүн караганга аргасыз. Россия болсо түндүктөгү Ямалда газ өндүрүшүн кеңейтүүдөжана акырындап тышкы газга муктаждыгын азайтары айкын. Бу шартта президент Бердимухаммедов эмне кылыш керек? Бу суроого: “Менин оюмча, Түркмөн тарап Россияга келишим түзүү жөнүндө кеп болгондо:”Бизден кепилдик сурабагыла. 20015-жылы капылеттен эле бизге 2000-жылдардын ортосунда сатып алгандай 50 милиарддын ордуна 100 миллиард куб метр газ керек деп айтпагыла. Бизди силер сураган газды берет деп ойлобогула. анткени, биз Кытай, иран базарын ачтык. Европага да чыгышыбыз этимал”,-дегени жөндүү”,-дейт Жоннатан Стерн.

Адистердин айтымында, эгерде эле Ашхабад көбүрөөк газ сатууну кааласа, Россия сатып алуу баасыны төмөндөрү анык.

XS
SM
MD
LG