Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Орусиянын лидери Дмитрий Медведев Химки токою аркылуу өтчү жолдун курулушун токтотуп, аны коомдук жана эксперттик текшерүүдөн өткөрүү үчүн өкмөткө тапшырма берди.

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин болсо Москва менен Санкт-Петербургду байланыштыра турган жолду бүтүрүү керек экендигин айтты.

Орусиянын бийлиги кабыл алган чечимге чейин Химки токоюн коргооо боюнча уюмдар, оппозициячыл саясатчылар катышкан бир катар нааразылык акциялары өтүп келген.

Москвадан Санкт-Петербургга чейин жеткен жол долбоору түзүлүп атканда анын Химки токоюн кесип өткүдөй салынышына 2009-жылдын 5-ноябрында өкмөт башчы В.Путин токтом чыгарып, бекиткен. Химки токоюн коргоочулар жаратылышты бузбай эле, жолду башка жактан өткөрсө боло турганын айтышат.

Токой кыйыла баштагандан тарта экологдор, жергиликтүү тургундар, айрым бийлик өкүлдөрү нааразылыгын билдирип чыгышкан. Көп өтпөй Химки токоюн коргоо кыймылы чыккан. Кыймылдын лидери Е.Чирикова буларды айтат:

- Биздин аракетке тилектештер – карапайым эле кишилер, балдарын багып же ишкердик менен алектенгендер. Алар саясатчылар эмес. Коммунист же либерал эмес. Мен өзүм да бир да партияга мүчө эмесмин.

Жаңжал чыккандан көп өтпөй “Бирдиктүү Орусия” партиясы президентке кайрылуу жазып, аталган партия да Химки токоюн коргой тургандыгын билдирди. Буга чейин токойду кыйууга каршы чыккандардын нааразылык акциясына бийлик бут тосуп келаткан. Мисалы, буга 22-августта Москвадагы Пушкин аянтында ырчы Юрий Шевчуктун концертине карата бийликтин көргөн чарасы күбө болот. Анда миңдеген киши токойдун кыйылышына карата нааразылыгын билдирген.

Ошондон соң президент Дмитрий Медведев долбоорду кайра изилдеп чыгуу тапшырмасын берди:

- Жол боюнча чыгарылган токтомду ишке ашырууну токтото туруп, коомдук жана эксперттик кошумча талкуу өткөрүүнү өкмөткө тапшырдым.

“Коммерсант” гезити жазгандай, бир катар саясатчылар Химки токоюн кыйууну анын партиясы токтотконун айтып, талаш башталган. Бирок Химки токоюн коргоо кыймылынын жетекчиси Е.Чирикованын ырасташынча, президенттин чечимине аталган кыймылдын аракети түрткү болгон. Бул кыймылдын өкүлү Ярослав Никитенконун айтымында, Химки токоюн кыйууга москвалыктардын 67 пайызы каршы чыккан:

- Биздин демилгени колдоого алгандардын, ал тургай Ю.Шевчук жана А.Троицкийге окшогон белгилүү адамдардын аракети текке кетпегени айкын болду.

“Солчулдар фронтунун” координатору Сергей Удальцов: "жарандардын биргелешип бул маселеге каршы чыкканы оң жыйынтык берди. Адамдар өз укугун коргоодон жалтанбаш керек" деп эсептейт.

Айрым серепчилер бул кырдаалда бийлик коомдук маанайдын кандай өзгөрүп жатканын байкап, токойду коргоп чыккандардын демилгесин өзүнүкү катары көрсөткөнүн ырасташат. Өкмөт башчы В.Путин президентке “табиятты сактоо менен өнүгүү ортосунда дайыма карама-каршылык бар, бирок жолду салыш керек” деп билдирди.
XS
SM
MD
LG