Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Өзбекстандыктарга Оштогу борбордук аянтта концерт тартууланды


Кыргыз-өзбек өнөрпоздору.
Кыргыз-өзбек өнөрпоздору.

Өзбекстандан Ошко келген өкмөттүк делегацияга Борбордук аянтта оюн-зоок тартууланды. 500 комузчу “Маш ботойду” аткарып, облустук драма театрдын артисттери “Манас” айтып беришти. Майрамдык кечени кыргыз, өзбек элдеринин улуттук бийлери коштоду.

Өзбекстандан өкмөт башчынын орунбасары Адхам Икрамов баштап келген 140 адамды вице-премьер министрлер Мухаметкалый Абылгазиев, Жеңиш Разаков баштаган расмийлер бүгүн "Достук" чек ара бекетинен тосуп алышты. Күн тартибинде айыл чарба жармаңкесин уюштуруу, “Манастын уулу Семетей” спектаклин тартуулоо, эки тараптуу документтерге кол коюу да каралган.

2-октябрда 130 адамдан турган кыргызстандык делегация Анжиян шаарына барып, өз ара алаканы чыңдоо, чек ара маселесин чечүү боюнча сүйлөшүп, маданий саамалыктарга катышып келген. (SE)

XS
SM
MD
LG