Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:01

"Курск" кемесиндеги кырсык Россияга сабак болбогон сыягы


"Ыйык Николайдын икон-сүрөтүнүн тегерегине тартылган "Курск" кемесинин моряктарынын сүрөттөрү. Москва. 2004

"Ыйык Николайдын икон-сүрөтүнүн тегерегине тартылган "Курск" кемесинин моряктарынын сүрөттөрү. Москва. 2004

2000-жылы 12-августта Баренцово деңизиндеги аскерий машыгуу учурунда Россиянын эң мыкты делген суу астында жүрчү “Курск” атомдук кемеси чөгүп кетип, 118 моряк курман болгон.

Ырасмий Москва бир топ убакытка чейин тыш өлкөлөрдүн жардамынан баш тартып, субмаринди белгисиз чет элдик кеме сүзүп чөгүп кеткен деп актанган. Бирок бул маалымат тергөөнүн жүрүшүндө четке кагылган. Өкмөттүк комиссия кеме тумшук жак ичинде торпедо жарылып чөккөн деген жыйынтыкка келген. 12-августта Россия 10 жыл мурдакы апааттын курмандыктарын эскерди.
"Курск" кемесинин кесилип алынган бир бөлүгү(мунарасы). Мурманск шаарындагы металл чогултчу жайдан тартып алынган сүрөт. 27-март 2009


“Курск” дүйнөдөгү эң чоң чабуул жасачу ядролук кеме болчу. Деңизде сүзүү тартибине ылайык кеме менен 1 саат байланыш болбосо эле, ал жоголду деп жарыяланууга тийиш. Бирок Россия жетекчилиги кеме кырсыкка кабылганын 11 сааттан соң гана мойнуна алган.

Баренцово деңизиндеги кырсык Россияда куткаргыч кемелер жетишсиз экенин көрсөткөнүн Санк-Петербургдагы субмаринчилер клубунун төрагасы, 1-рангдагы капитан Игорь Кудрин “Азаттыкка” берген интервьюда белгиледи:

- Биз ал күндөрү (чөккөн кеменин мүчөлөрүн) куткарчу эч нерсе жок экенине ишендик. Чет элдик жардамды кабыл алалыбы деп көпкө ойлондук. 10 жылдык мааракеге Британиянын ошо кездеги деңиз-аскер атташеси, 1-рангдагы капитан Жефф Макриди чакырдык. Анын ошол күндөрү мага телефон чалып: “Игорь, мен эч нерсени түшүнбөй жатам. Биз жардам сунуш кылсак, эч ким биз менен сүйлөшкүсү келбейт”, - дегени эсимде. Биз түз ободо сүйлөгөндөн кийин гана аны кабыл алышып, сүйлөшүштү.

Ошентип жатып уруксат берилген соң британиялык жана норвегиялык адистер 20-августта россиялык кемени таап, анын ичинде тирүү жан калбаганын аныктаган. 118 моряктын жасаты бир жылдан кийин алып чыгылып, жайга берилген.

Капитан-лейтенант Дмитрий Колесников калтырган жазууларда биринчи жардыруудан кийин 23 моряк тирүү калганы белгиленет. Адистердин айтышынча, кеме токтоосуз куткарылса, алар аман калмак.

Ошол күндөрдүн биринде Си-Ен-Ен телеканалынын журналисти президент Путинден россиялык суу астында жүрчү атомдук субмарин эмне болгонун сураганда: "Ал чөгүп кетти”,- деп жооп берген.

Курман болгон моряктардын үй-бүлөлөрүнө алардын 10 жылдык маянасы, ошол кездеги алмашуу курсу менен алганда 26 миң долларга жакын орус рубли компенсация катары төлөнгөн.

Атомдук субмарин менен болгон кырсык Россиянын деңиз флотунда коопсуздук чараларын кескин өзгөртүп, тийиштүү кадамдарды жасатыш керек болчу. Бирок аза маалында айтылган убадалар бүгүнгө дейре аткарылбаганын айтты Игорь Кудрин:

- Беш жылдай мурда Петербургдагы Адмиралтейский верфинде” суу астында жүрчү кайыктарды куткарчу “Игорь Белоусов” кемесин куруу башталды. Ошондогу салтанатка мен да катышкам. Бүгүн ал кеме 10 проценттен бир аз көп курулду. Ал эми ар бир россиялык флот үчүн убада кылынган үч куткаруучу кемени куруу башталган да жок.

Жакында Москва облусунда деңиз аскер флотунун базасы күйгөн. Аскерий жетекчилик оболу бул база биздики эмес дешип, бир нече күндөн кийин гана алардыкы экенин мойнуна алышкан. "Бул,-дейт Кудрин.- 10 жыл мурда суу астында жүрчү "Курск" атомдук кемеси менен болгон окуядан кийин деңиз флотундагы абал анчалык деле өзгөрбөгөнүн күбөлөйт".
XS
SM
MD
LG