Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

ӨКМ: Апаатта өлгөндөрдүн баарынын сөөгү табылды


Кырсык болгон жердеги куткаруучулар.
Кырсык болгон жердеги куткаруучулар.

16-январдагы авиакырсыкта мерт кеткен бардык кишилердин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги апааттан 38 адам набыт болуп, 16сы жараат алганын билдирди. Урандыларды тазалоо иштери уланууда.

Дүйшөмбүдө эртең менен саат жети жарымдар чамасында Боинг-747-400 үлгүсүндөгу жүк учагы Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкектеги “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган. Андагы ондогон үйлөр кыйраган. Маалыматка караганда, учак май алмаштыруу үчүн конууга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган.

Каза болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында балдар да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG