Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Москва: мигранттар жаңы мэрден көптү күтөт


Москва шаарынын жаңы мэри Сергей Собянин 21-октябрда Шаардык думада сүйлөгөн сөзүндө “мигранттар ордо калаанын өсүшү үчүн керек” деп айтты.

Адистердин баамында, четтен келген мигранттарга жакшы шарт түзүп, бул багытта жаңы аракеттер болорун айтышууда.

Москва шаарынын мэри президент жана өкмөт башчыдан кийинки эле даражада турат. Себеби ордо калаада Орусия калкынын он пайызы жашайт жана экономиканын төрттөн бир үлүшү топтолгон. Ушундан улам жаңы мэрден жаңы кадамдарды күткөндөр көп. Алардын бири – мигранттардын абалына байланыштуу маселе.

Москвадагы ири дүкөндөрүнүн биринде иштеген Бегайым Арыкова менен Элнура Кадырова “Азаттыкка” маек курушту.

Бегайым Арыкова: Биз үчүн качпай, көчөдө эркин басып, тапкан айлыгыбызды милицияга алдырбай жашоо жакшы шарт болмок. Азыр милиция жолдон кармап, документиң туура болсо деле акча төлөтөт.

“Азаттык”:
Эгерде сиздерди ишке алган мекеме жатакана берип, каттоодон өткөрүү милдетин да өзүнө алса...

Бегайым Арыкова: Анда абдан жакшы болмок. Биз документибизди узарткыча ыйлай-сыктай булардын оозун акча менен басып, өзүбүз жүгүрүп, араң жасайбыз. Андай болгондо бир эле мен эмес, келгендердин баары кубанмак.

“Азаттык”: Бул жакка кантип келип калдыңыздар?

Бегайым Арыкова: Мен бул жакка үй-бүлөм менен келгем. Эки сиңдим, балам менен келгенбиз. Кыргызстанда маяна жарытпаганы үчүн бул жакка келдик.

Элнура Кадырова: Биз бул мамлекеттин ишинде жүргөндүктөн ушул өлкө шарт түзгөндө, каттоого алып, жатакана берсе абдан жакшы болор эле.

“Азаттык”: Андай болгондо сөзсүз эле атуулдук алуу да азаят беле?

Элнура Кадырова: Эгерде андай шарт болгондо иштен Орусиянын паспортун сурабаса, Кыргызстандын эле паспорту жарактуу болсо анда жарандык алуунун кажети жок болот эле.

“Азаттык”: Кийинки учурда силерди көбүнесе эмне жүдөтүп жиберди?

Элнура Кадырова: Милициялар. Документиң туура болсо деле “туура эмес” деп акча алуунун амалын табышат. Бул жүрөгүбүздү өйүткөн маселе.

“Азаттык”: Жашаган үйүңүздөрдү дүкөн бергенби же өзүңөр таптыңарбы?

Элнура Кадырова: Өзүбүз тапканбыз. Эгерде иштеген жерден жатакана бергенде жакшы болот эле да.
XS
SM
MD
LG